Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз-тажик башкы дипломаттары сүйлөшүү жүргүзүштү

Кыргыз-тажик башкы дипломаттары сүйлөшүү жүргүзүштү

11-май, 18:06
564 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Сирожиддин Мухриддин 11-майда Кытайдын Сиан шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Кытай” форматындагы жыйындын алкагында эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүштү.

Кыргызстандын тышкы саясый мекемесинин басма сөз кызматы билдиргендей, министрлер эки өлкөнүн аймагын жана чек арасын өз ара урматтоону, буга чейин жетишилген бардык макулдашууларды жана мурда кол коюлган протоколдорду бекем сактоону жактай турганын билдиришти. Ошону менен катар чек ара аймактарында тынчтыкты, туруктуулукту сактоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-аракеттерди белгилешти. Жакынкы келечекте боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер