Акыркы кабарлар
» Саясат » Равшан Жээнбеков: “Акыл-эстүү бийлик душманды эмес, досту көбөйтөт”
Равшан Жээнбеков: “Акыл-эстүү бийлик душманды эмес, досту көбөйтөт”
14-апрель, 18:39
807 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Коомдук ишмер Равшан Жээнбеков социалдык баракчасы аркылуу өз кайрылуусун жолдоду:
“Саясый өңүттө соттолгондордун биздин 30 жылдык тарыхыбызда баары акталган, акталууда: Ф.Кулов, Т.Тургуналиев, Т.Койчуманов, Ж.Казакбаев, Ө.Абрахманов, А.Айтикеев, О.Субаналиев, И.Масалиев, А.Келдибеков, М.Мырзакматов, С.Жапаров, К.Ташиев, Т.Мамытов, Б.Асанов, К.Кадыровдор буга мисал. Бийлик колдон келсе саясый максатта камоолордон кетиши керек. Ал баары бир бийликтин, өлкөнүн стратегиялык маселесин чечпейт. Тескерисинче, абалды оорлотот. Саясый оппонент эмес, душман жаратат.
Акыл-эстүү бийлик душманды эмес, досту көбөйтөт, реформалар, жакшы иштер аркылуу өз кадыр-баркын көтөрөт, мыйзамдуулукту туу тутат”.