Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Аэропортту жакшы бир компанияга арендага бериш керек”
-- Эмил Токтакунович, баягүнү комитетте “Манас” аэропортунин келечеги боюнча чоң талкуу жүрдү эле. Анын тагдыры кандай болчудай?
-- “Аэропортту ижарага беребиз, аукционго коёбуз” деген ойлору бар. Бизге иштешмекчи болгон компаниялардын тизмесин алып келишкен. Менин оюмча, биздин аэропортту жакшы бир компанияга арендага бериш керек. Чет өлкөлөрдүн көбүндө эле ушундай тажрыйба бар. Өзүбүздүн күчүбүз менен аны оңдоп, алдыга жылышыбыз кыйын. Себеби, эмдигиче бизде өзүбүздүн авиакомпания жок, самолёт жок. Башка өлкөлөр, мисалы, Казакстан, Өзбекстан аябай өнүгүп жатат бу жагынан. Биз да чет өлкөлүк компаниялар менен сүйлөшүп, беш жылгабы, он-жыйырма жылгабы берсек, алардын биздин аэропортту толук оңдоп бергенге мүмкүнчүлүктөрү бар.
-- Эки жыл мурда бекен, “Түркия менен сүйлөшүп жатабыз” дешти эле?..
-- “Сүйлөшүү жүрүп атат” дешкен. Бирок, жыйынтыгы жок. Менимче, алар келише албай калышкан. Ошол эле түрк компаниясы Алматынын аэропортун ижарага алып, азыр иштетип атат. Менин көзүм жүз пайыз жетет, биз өзүбүз иштете албайбыз. Аэропорттун өзүнүн ичинде кадрдык башаламандык өкүм сүрүүдө. Учкучтар, мыкты адистердин көбү чет өлкөлөргө кетип калышкан. Себеби, туруктуу иш жок, анан чоң айлык төлөй алышпайт.
-- Биздикилер инвестор келсе эле “шапке” сурашчу эле, бул жолу да ошондой болгон жокпу?
-- Ошонун айынан эмдигече бере албай жатат да. Ачык аукцион жок. Ачык аукцион болуп, элдин баары көрсө, биз да комиссияга мүчө болуп катышсак, алар ачык тандап алышса, ошондо жылыш болмок.
"Азия Ньюс" гезити