Бакиев май майрамдарынан кийин Кыргызстанга кайтабы?

Буга чейин Курманбек Бакиевдин мекенине кайтып келери коомчулукта кеңири талкууланып, кандайдыр бир сыноо жасалгандай ишарат жүрүп, элди текшерип жатышкандай сезилген. Актоо пиары да башталды го... Мындай жагдайда калың катмардын кыжырдануусу күчөп, өзгөчө калабалуу кезеңде жакынын жоготкондордун жандары кашаюуда. Эски карт сыйрылабы?..
“Кар жаады, из басылды” дегендейби? Мамлекетти Бакиев башкарган беш жыл аралыгында 60 чакты буюртма өлтүрүүлөр орун алып (УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин маалыматы боюнча), саясатчы, депутат, бизнесмен, спортсмен, журналист ж.б. тармактын өкүлдөрүнө чейин көздөрү тазаланып турган. Бийликти сындагандардын баштары кетип, зулумдуктун орногонун кантип унутабыз? Медет Садыркуловдон баштап белгилүү адамдарды санай бергиле...
Ошого катар Бакиев режиминде коррупция гүлдөп, Максим ЦАРИИ аттуу өкмөт түзүп, бүтүндөй экономикалык-финансылык ресурстарды башкарууга алган. Мамлекетти каалагандай “майкандашып”, баш көтөргөндөрдү Жаныш чекесинен “жайлап”, канабайрам жашоого күбө болуп калбадык беле? Он беш жыл өткөндөн кийин баары унутулуп калабы? Эрксизден жылмаясың да...
Соңку маалыматтар боюнча Курманбек Бакиев май майрамдарынан кийин келип, баш коргоо чарасы каралып, сыягы эркиндикке чыгабы? Анан Жалал-Абадда жердештери менен болору айтылууда. Таза кызык экен! Эл эмне дейт? Оор кылмыштар тагылып, сыртынан соттолгон Бакиевге эмнеге муктаж болдук? Айтор, таңгалуунун дагы таңы ашчудай...
Сакен Бөрүбаев
"Азия Ньюс" гезити