Ичим өрттөнүп жатса да үй-бүлөмдү сактагым келди, бирок...

Ичимде толуп жаткан сырымды сиздерге айткым келди. Анткени сыр бөлүшөр эжем же сиңдим жок, башкасына ишене албайм.
Жолдошум менен турмуш жолуна аттанганыбызга үч жыл болду. Бул жылдарда ар кандай күндөр өттү. Мурда экөөбүз 7-8 жыл бири-бирибизди таанып, сүйлөшкөнүбүз менен билбеген сырыбыз, мүнөзүбүз көп экен. Балалуу да боло алган жокпуз. Күнөө кимде экенинин мааниси жок. “Кел дарыланалы, аракет кылалы?” десем эле акчанын айынан уруш чыгат. Кыскасы, күйөөм акча короткусу келбейт. Кайра мени күнөөлүү кылып чыгарып коёт, өзүм да түшүнбөй калам. “Кечке эле ооруй бересиң, акча коротуп” деп аябай мээмди жеп жүрдү. “Мейли” деп унчукпадым, ичим өрттөнүп жатса да үй-бүлөмдү сактагым келди. “Балким, балалуу болсок, баары өзгөрөт” деп үмүт кылдым.
Мен күйөөмдү аябай жакшы көрөм, бирок айтууга аргасызмын. “Кел, эгерде мени менен жашаганга көңүлүң жок болсо, акырын эле ажырашалы” деп айтууну чечтим. 20дагы жаш эмеспиз билем, 30дабыз, бирок, дагы өмүрүбүз, маңдайыбызга жазылган бактыбыз бардыр...
Арууке