Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Сасык тумоодон өлүп да калышат”. Министрлик сактануу эрежелерин эскертти

“Сасык тумоодон өлүп да калышат”. Министрлик сактануу эрежелерин эскертти

29-декабрь, 11:58
1 893 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Грипптен сактануунун санитардык эрежелеринен сырткары, дарыгер менен кеңешип, иммунитетти көтөргөн каражаттарды колдонуу керектиги айтылды.

Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоо кооптуу инфекциялык оорулардын катарында экенин жана анын кесепети кейиштүү болорун эскертти. Министрлик грипп чоң-кичинеге карабай жугарын жана вирус мурун аркылуу кирип, организмди жабырката турганын түшүндүрдү.

"Көбү сасык тумоо менен бир нече күн ооруп айыгат. Арасында аны оор көтөргөндөр да бар. Илдет өтүшүп, өлүм учурларына чейин алып барат" деп жазылган маалыматта.

Грипптен сактануунун жолдору:

-- эпидемиялык сезонго чейин сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткүлө;

-- эл көп чогулган жерлерге барбай туруңуз;

-- беткап тагыныңыздар;

-- ооруп жаткан адамдардан оолак болуңуз;

-- колду самын менен жакшылап жууңуз;

-- бөлмө, кеңселерди желдетип туруңуз;

-- бөлмөдөгү аба кургак эмес, нымдуу болуп турушу керек;

-- дарыгер менен кеңешип, иммунитетти көтөргөн каражаттарды колдонуңуз.

Ошондой эле адистер оорунун белгилери байкалганда ооруканага кайрылууга кеңеш беришет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер