Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм Москвада, а мен дарыгер жигит менен жакын болуп кеттим...

Күйөөм Москвада, а мен дарыгер жигит менен жакын болуп кеттим...

13-ноябрь, 17:00
5 317 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир көөдөнүмдү курттай жеген сырым бар, ошону айтып, кеңеш сурасам кандай болот? Тарбиялуу жакшы үй-бүлөнүн кызымын, оор-басырыктуу. Турмушка чыкканыма 4 жыл болду. 1 жылдай балалуу боло албай жүрүп, боюма бүттү. 5 ай болгондо күйөөм Москвага кетти. Шүгүр, уулдуу болдук. Бирок күйөөм келбеди, бул убакыт ичинде 2 жолу кыянатын кечирдим, аны аябай жакшы көрөм. Мына ушинтип отуруп эки жарым жыл өттү, келбейт. Жакшы да айттым, жаман да айтып көрдүм. Жок болуп кетет. Квартирасында чогуу жашаган эже "бир келин менен жүрөт, чогуу жашайт" дейт. Айтсам эркек киши моюнга алат беле? Айылда ата-энеси менен турам, кары адамдар, талаа, мал, үй иши, оор иштин баарын трактордой өзүм жасайм. Отун чаап атып белимди катуу оорутуп алып, төркүнүмө барып дарыланып кайттым. "Дарыланууга бир аз акча сал" десем "сенин оорукчан белиң менен ишим канча?" деп телефонду коюп койду. Ичим эзилип бүттү. Ошентип, кыйналган кездеримде мени караган врач аябай жылуу мамиле жасап жүргөн. Күйөөмө өчөшүп, мен да ага жакын болуп кеттим... Өзүмдү таштадым... Кайра өкүнүп, Кудайдан кечирим сурадым. Ич майымды жебей күйөөм менен ажырашсамбы?..


Асыла

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер