Акыркы кабарлар
» Коом » “Сөөк” ыргытса сойлоп кеткен динчил Акжолтой Тукуновдун эки жүздүүлүгү
“Сөөк” ыргытса сойлоп кеткен динчил Акжолтой Тукуновдун эки жүздүүлүгү
10-июль, 14:38
370 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Активист катары аракеттенген, чокчо сакалчан Акжолтой Тукунов аттуу жаран казинолордун ачылышына каршылык көрсөтүп, нааразычылык акциясына чыгып жүргөн. Митингге, көтөрүлүшкө үндөгөнүчү? (Өзү бакылдаса кыйын, бирок сын-пикирди көтөрө албаган алсыздыгы бар экен). Ашкере динчилдикти бетине кармап, блогер сымал кайрылууларды жасап аткан, бир маалда бийлик “сөөк” ыргыткандай антимонополиянын орун басарлыгын бере салса, тымпыйып, ачуу үнү заматта өчтү. “Казиного каршыбыз, ачылбасын!” таризинде бакылдаган сөзүнүн бири жок, кызмат алуу менен момоюп калыптыр. Көрсө, Акжолтой Тукуновдун жеткен арбайы ушу тура, принципиалдуулукту карманбай, жеке кызыкчылыгын көздөө менен динге да көлөкө түшүрүп, ойноп кеткенин карагылачы?! Коом ушундай эки жүздүүлөрдөн качан арылат болду экен? Эрксизден баш чайкайсың да...
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити