Медер Алиев: “Менин да фейктер туурасында оюм бар…”
Мындай пикирин тармактык комитеттеги жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев билдирди. Бул тууралуу “Репортер.кж” сайты жазып чыкты.
“Менин да фейктер туурасында оюм бар… Өзү саясатка аттангандан кийин каалайсыңбы-каалабайсыңбы, териң калың болушу керек экен. Мен өткөндө Авраам Линкольндин өмүр баянын окуп чыктым. Ошондо аны кандай гана мазактап, кандай гана жамандашкан эмес. “Эгерде ушул киши бийликке келсе, кыздарыбыз сойку болот, АКШ жок болот. Бул жеткен шүмшүк...” Эмне деп гана айтышкан эмес! Абсолюттук түрдө мындан кутула албайт окшойбуз. Айрыкча маалыматтык технология өнүгүп турган XXI кылымда… Болгону кылган ишибиз, ниетибиз түз болсо, колубуз таза болсо, чын ниетибиз менен мамлекетибизге кызмат кылсак, тарых өз баасын берет. Ушактан, туура эмес маалыматтан арылуу абсалюттук түрдө тилекке каршы мүмкүн эмес окшойт” деди.