Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай Абдурахманов көз жумду

Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай Абдурахманов көз жумду

23-ноябрь, 11:54
435 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын алгачкы муфтийи, Орто Азиядагы белгилүү дин аалымы Кимсанбай Абдурахманов 22-ноябрда 82 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады. 

Кимсанбай Абдурахманов көз карандысыздыктын алгачкы жылдары Кыргызстанда диний мамилелердин калыптанышына жана бекемделишине зор салым кошкон. Азыркы муфтий Замир Ракиевдин көңүл айткан билдирүүсүндө Абдурахмановдун демилгеси менен Бишкек шаарындагы борбордук мечит баштаган бир катар диний жайлар, мечит-медреселер, Ислам институту ачылганы белгиленген.

Кимсанбай Абдурахманов Өзбекстандын Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесин бүтүргөн. Иорданиянын Үрдүн мамлекеттик университетинин шарият факультетинде окуган.

1990-1992-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын казысы болуп эмгектенген. 1992-жылы алгачкы жолу Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы түзүлгөндө анын төрагасы – муфтий болуп дайындалып, бул кызматта 1996-жылга чейин иштеген. 2000-жылдан 2003-жылдын сентябрына чейин Кимсанбай Абдурахманов экинчи жолу Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болуп кызмат кылган.

Кимсанбай Абдурахмановдун жаназасы 23-ноябрда бешим намазынан кийин (саат 14:00) Бишкек шаарындагы "7-апрель шейиттери" мечитинде болот.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер