Бишкек шаарынын башкы милициясына кимдер чуркап жатышат?
Ушундай. Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев иштей албай жатканын ИИМдеги айрым “шылуундар” алдыртан байкашып, жогору жакка киши салуу менен чуркай башташыптыр. Өлө элек аюунун терисин сыйрыганга ашыгып жатышкандайбы? Кимдерби? Баягы эле “самопал генерал” Октябрь Урманбетов, чала кадр Акылбек Мамасейитов, атасынын аркасы менен карьералык секирик жасаган Улан Султанов ж.б. Булар милицияда иштеп жүрүп байышкан, көздөрү майланышкан чиновниктер экени жашыруун деле эмес. Бишкек ШИИБ начальнигине билимдүү, тажрыйбалуу (милициянын жогорку мектебин Түркиядан бүтүп келсе андан жакшы) кадр керек. Эң башкысы, эл менен тыгыз кызматташып, кылмыштуулуктун алдын алууга, профилактикалык иштерди жогорку деңгээлде жүргүзүүгө дилгир жетекчиге коомчулук суусап турат. Мындай кадр ИИМде бар...
"Азия Ньюс" гезити