Бекмурза Эргешов, ЖК депутаты: “Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн каралса, анда парламенттин тарашын колдойбуз”


-- Бекмурза Аскарбаевич, “парламент тарайт экен” деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?
-- Ошондой имиш-имиштер болуп жатат. ЖМКлар жазышууда. Бирок бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин өзүндө андай расмий маалымат жок.
-- Непада Жогорку Кеңеш ошондой чечимге барса, сиз колдойсузбу?
-- Эгер бул нерсе мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек болсо, анда баарыбыз эле колдойбуз. Парламентте жалгыз эле мен эмесмин да, токсон депутат бар. Андыктан, кандай болсо да көпчүлүктүн чечими менен болот. Мен ойлойм, мындай сөздөр жөн жеринен чыгып жаткан жоктур, кандайдыр бир жагдай, зарылчылыктан улам болсо керек...
-- Ал эми Жалал-Абад шаарынын атын Манас деп өзгөртүүгө көз карашыңыз кандай?
-- Албетте, бул элдин каалоосу болсо, анда эмне үчүн өзгөртүлбөсүн? Бул жөн жерден чыкпады да, демилге көпчүлүктүн сунушу менен чыгат. Бүгүнкү күндө мамлекетибизде чоң өзгөрүүлөр уланууда. Отуз жылда жасалбаган нерселер болуп жатат. Мына өкмөт үйүбүз башка жакка жылды. Жалгыз эле Бишкекте эмес, Ошто, Таласта, Ысык-Көлдө, Нарында – баардык жерде өзгөрүүлөр! Бул жакшы көрүнүш. Андыктан, мындай өзгөрүүлөргө мыйзам ченемдүүлүк катары караш керек. Ушундай күндөр бизге насип кылган экен.
"Азия Ньюс" гезити











