Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Нурдан Орунтаев ондон ашык элиталык батирлерге ээ болдубу?

Министр Нурдан Орунтаев ондон ашык элиталык батирлерге ээ болдубу?

03-август, 22:22
2 503 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Курулуш, архитектура жана турак жай, коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев коомчулукта “эрке бала” катары сыпатталып келет. 2020-жылдагы Октябрь төңкөрүшүнө чейин катардагы тергөөчү болсо, андан бери тездик менен карьералык секирик жасап, аталган жогорку креслого оңой эле жетти. Баса, тергөөчү кезиндеги козголгон иштери “сүрсүп” турабы, же жаптырып алганбы? Ал эми чиновник болгондон бери көп эле сынга кабылып келет. Ишкерликке кыянатык кылганы, талкалаганы, 3 миллион сомго айыпка жыгылганы, элди сыйлабай публикада сөгүнгөнү, айтор, жоруктары арбын. Пиарщик катары да “камчы салдырбай” озунуп келатат. Натыйжада, Нурдан Орунтаевдин жакын адамдары кызык кептерди айтып жүрүшөт. Таңгалуудабыз. Суроо жолдойлу: Нурдан мырза, учурда сиздин ондон ашык элиталык кымбат баалуу батирлериңиз барбы? Балким, бул сан жыйырмага жакындайбы? Тергөөчү кезиңизде жарды элеңиз го? Бишкектин вице-мэри, анан министр болуп, кыска аралыкта эле байып чыга келдиңизби? Анча баалуу батирлерди кимдерге жаздырдыңыз?..

Терикпесеңиз жооп берип коюңуз, гезит бетинен орун берели.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер