Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан ПРИМОВ, ЖК депутаты: “Митингчилердин Матраимовду “камалсын” дегендери ашачапкандык”

Улан ПРИМОВ, ЖК депутаты: “Митингчилердин Матраимовду “камалсын” дегендери ашачапкандык”

29-ноябрь, 15:50
803 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Улан мырза, контрабанда чын эле болуп көрбөгөндөй көбөйүп кеттиби?

-- Контрабанда боюнча биздин мамлекетте мурунтан эле проблема бар. “Контрабанда жок” десек, уят болот. Бирок, аны таптакыр жоюп салганга саясый эрк болбой келген. Бүгүнкү күндө маселе кабыргасынан коюлуп, аны кан буугандай токтотуу, максималдуу түрдө иш-чараларды алып барууга мезгил келди да. Контрабанда коррупциянын негизги очогу. Аны токтото алсак, ишкерлерге, баарынан дагы өлкөнүн бюджетине чоң жардам болот. Ошондуктан, тийиштүү органдар ушул жаатта иш алып баруусу, чара көрүүсү кажет.

-- Ошондой иштер жүрүп жатабы?

-- Бизге – депутаттарга берилген маалыматтар боюнча иштер жүрүүдө. Бирок, жер-жерлерде кандай деңгээлде жүрүп жатат? Бул суроо...

-- Кесиптешиңиз депутат Карамушкина “президентке импичмент жарыялоо керек” деп чыкты...

-- Президент Сооронбай Шарипович Конституцияда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Демек, импичментке негиз жок. Бирок, мен ойлойм, мамлекетибизге чынында биримдик жана туруктуулук керек. Анүчүн элдин көйгөйүн уга жана чече билүү маанилүү.

-- Өткөндөгү митингге чыккандардын талаптары негиздүү деп ойлойсузбу? 

-- Демократиялуу коомдо адамдар да демократиялуу ой жүгүртүп, ой-пикирлерин ачык айтууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок, кээ бир учурларда аша чапкандык болуп жатат. Митингчилердин коррупцияга бийлик көңүл буруп, чара көрүүсүн талап кылганы туура. А бирок, Матраимовду “камалсын” дегендери менимче ашачапкандык. Анткени, анын күнөөлүү, же күнөөсүз экенин сот аныктайт. Алдын ала бирөөлөрдү “коррупционер” дегенден алыс болсок. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер