Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Карышкыр” менен “Барс” чай үстүндө эмнени божурашты?

“Карышкыр” менен “Барс” чай үстүндө эмнени божурашты?

04-июнь, 12:59
2 314 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ал заманда деле, бул заманда деле аты чыгып, “сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн” Акылбек Жапаровдун кайрадан багы жанып, вице-премьер рангындагы экономика, финансы министри болуп дайындалды.

Көралбагандар ичинен тутанып, ар нерсени чукулап, 2004-жылкы Кумтөр тууралуу келишимде колу бар экенин шардана кылышты. Анысы фейк экен. Арам ойлуулар иш башталып аткандагы жумушчу протоколго коюлган кол тамгасын негизги келишимге коюлган колдордун ордуна сүрөтүн жабыштыра салышыптыр. Ал билинип, бат эле ачыкталып калды. Изилдеп, барактап окуганда далилденип, чоңдор да иликтеп тынчыды окшойт.

Экономикалык кырдаал оорлоп, Кумтөр, чек ара маселелери кычап турган маалда эмне кылары менен анча иши жок, келген кагаздардын агымын ылгай албай, кол коюп эле отура берген финансы министринин кесепетин сезген Садыр Жапаров Акылбек Жапаровдун билимин, тажрыйбасын колдонуу керектигин баамдаганын серепчилер бир ооздон туура кадам катары баалап жатышат.

Кумтөр маселесинде Теңгиз Бөлтүрүк деген түбү кыргыз Канаданын жаранын алып чыгып, маселени кабыргасынан коюп жаткан Акылбек Жапаров бөлтүрүк тургай, кашаба “Карышкырдын” (саясат талдоочу, журналист Сабыр Муканбетовдун) өзү менен эгемендиктин алгачкы жылдарынан бери үзөңгүлөш экени белгилүү.

 Эгемендиктин алгачкы жылдарында Акылбек Жапаров Аскар Акаевдин өкмөтүнүн жаштар саясатын жетектеп, “Ашар” кыймылы менен тыгыз кызматташып, жаңы конуш лидерлерине көп техникалык жардамдарды, финансы каражаттарын бөлдүртүп берүүгө салым кошконун, Бакиев заманында жаңы конуштардын инфраструктурасына жүз миллиондогон сомдорду бөлдүрүп, ашарчылардын салтына ылайык “Чоң аюу”, “Карышкыр”, “Кашкулак”, “Суур”, “Чөндөлөй”, “Кашкалдак”, “Сагызган”, “Чакчыгай”, “Дельфин”, “Тушканчик”, “Ачкүсөн”, “Сүлүк курт”, “Аскарида”, “Зергер”, “Чанач”, “Котур”, “Кайыш”, “Сийгек” деген сыяктуу жаныбар же жөнөкөй буюм аталыштагы аттар таркатылганда, кур калбай Акылбек Жапаров “Барс” деген каймана атка татыганын көпчүлүк биле бербесе керек. Ошол чоң жыйында жалгыз “Ачкүсөн” каршы добуш берип, 99% топ башылар Акылбекке “Барс” деген каймана атты ыйгарганы алигүнчө эсибизде.

Бүгүн да Акылбек Жапаровдун кайрадан дайындалышына жаңы конуштагы калк ыраазы болуп, баштагыдай көңүл бөлүнөрүнө ишенишип, үмүттөрү жанууда...


Сүрөттө: “Карышкыр” менен “Барс” чай үстүндө. Жарлык чыгардан 15 мүнөт мурун

Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер