Эльдар Шабданов: “Туристтердин көпчүлүгү Ысык-Көлгө түшпөй эле башка жерлерди кыдырышат”

-- Быйылкы көл сезонуна, тейлөө кызматтарына, кымбатчылыкка көпчүлүк нааразы. Туризм маалы кандай өтүүдө?
-- Биз туризм десе эле көлдөгү туризмди гана эске албашыбыз керек. Көлгө эл көп барып, жаңылыктар, резонанстар арбын болгон үчүн туризмди көлдө эле деп ойлошот. Негизи андай эмес. Туристтердин көпчүлүгү Ысык-Көлгө түшпөй эле Кыргызстандын башка жерлерин кыдырып кетишет. Соң-Көлгө барышат, Кырчынды көрүшөт. Негизи көлгө келген европалык туристтер өтө аз.
Жалпы туризм тууралуу айтсак, быйыл абдан жакшы. Абдан көп жаңы туркомпаниялар ачылды. Мен өзүм мейманканаларды башкарган адам катары көп жаңы туркомпанияларды көрүп жатам. Жаңы өлкөлөрдөн келип жатышат. Саны дагы арбыды. Соң-Көл тараптагы, Нарын, Ош, Алайдагы мейманканалар менен байланышып турам. Жалпысынын Кыргызстандагы быйылкы туризм жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө.
Көл тууралуу айтсак, эл пандемиядан кийинки топтолуп калган акчасын азыр коротушууда. Анүстүнө ички экономикабыз дагы өсүп жаткандыктан өзүбүздүн жарандар дагы көлгө көбүрөөк эс алып калышты.
-- Баалар, сервис тууралуу да токтоло кетсең?
-- Бул экономиканын мыйзам ченемдүү көрүнүшү. Бийлик же башка органдар кийлигишип, бааны өзгөртө албайт. Канчалык суроо-талап көп болсо, баалар ошончолук өсөт. Эки айдын ичинде элдин баары бир убакта барып алгандыктан, баалар жогорулап кетти. Ал эми сервис жагын алсак, эки ай аралыгында ишкерлер тейлөө кызматкерлерин даярдаганга убакыттары да жетпейт. Эптеп эки ай аралыгында бир жылдык бюджетти толтуруп алалы деп иштегендиктен, сервис да өнүкпөйт.
Мамлекет кийлигишип, “бааларды төмөндөткүлө” десе, ал ишкерлик жабылууга дуушар болушу мүмкүн. Мамлекет тескерисинче, “силерге дагы кандай шарттарды түзсөк эки ай эмес көбүрөөк сезон иштетесиңер? Дагы кандай жардам көрсөтсөк сервисиңерди көтөрөсүңөр?” деп ийгиликтүү ишкерлер менен кеңешип, айткан каалоо-талаптарын аткарып, мамлекеттик, туристтик саясат жүргүзүү зарыл.