Акыркы кабарлар
» Коом » Айылчы Сарыбаев: “Кыргызстан проблемаларын эч качан өз алдынча чече албайт”
Айылчы Сарыбаев: “Кыргызстан проблемаларын эч качан өз алдынча чече албайт”
24-июль, 10:34

-- Биздин бийликтин эл аралык аброю, Афганистандагы кыргыздардын Тажикстандан кайра чыгарылышы тууралуу кандай пикирдесиз?
-- Бул жерде Кыргызстан алсыз. Демократия деген шылтоо менен ички тартип жокко эсе болуп, жадагалса кошуналарга да авторитетибиз калбады. Ички башаламандыкты токтото албай келебиз. Ар кайсы өлкөлөргө көрүнгөнү асыла берген сакалчандарга бийлетип, мектептен мечитти артык көргөн итий өлкө менен эч ким сүйлөшпөйт. Ошондуктан Кыргызстан проблемаларын эч качан өз алдынча чече албайт. Эл аралык көйгөйлөр оозунан айлансын. Афганистандагы кыргыздар эмес, Кыргызстандагы кыргыздардын проблемасы толтура. Албетте, аларга жардам бериш керек. Чек ара чыры чечилбей жатса, аларга жардамыбыз кайдан болсун?
"Азия Ньюс" гезити