Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кытай–Өзбекстан транзит темир жол долбоору ишке ашса, Кыргызстанга пайдалуубу?

Кытай–Өзбекстан транзит темир жол долбоору ишке ашса, Кыргызстанга пайдалуубу?

03-декабрь, 16:42
1 539 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эл байлыгы энчиде, же деңгээлинде

«Илимий-техникалык мезгилдин экология фокусунда урбанизациялык абалы ден соолукта жана байгубат өнүгүштө адамзатты табигий жаратылыш менен биргелешкен аракетте болууга милдеттендирет».


Транзит темир жолу

Кытай–Өзбекстан транзит темир жол долбоору ишке ашса, Кыргызстанга пайдалуубу? Мында кайсы тарап кредитор болору толук чечиле элек. Долбоор боюнча жол тилкеси канчага созулат жана тоо кендер бар тарапка мүмкүнчүлүк тыянагы жокпу? Долбоор боюнча 50дөн ашык ашууларга тонел курулса, арзан маршрут табылбадыбы же кендерге кызыкдарбы? Мисалы, АКШда темир жол курулуш компаниясында негативдүү жагы – жапайы бизонго чейин зыяны тийип, индеецтер резервацияга кабылган. Бизде Торугарттан Көгартка чейин жапайы жаныбарлар (флора, фауналар) калабы? Мал чарбачылык тармагы кеңейсе, жайыттарга ээ боло алабызбы?

Англияда мал жайыттар, айдоо аянттары четтелип, экология бузулган. Ашуулардагы мынча тонелден алынган тоо-кендери кимге таандык жана иштетилген таштандылар табигий жаратылыш айланага канча таасири тийип, экологияга зыян келтирет? Кумтөр коктусундагы эле экологиялык зыянга жооптууну таба алдыкпы? «Уурусу күч болсо, ээсин доого жыгат» болду.

Эгер Кытай–Өзбекстан темир жол куруу долбоору айласыз же стратегиялык мааниде ишке ашса, анда долбоор ээси транзит темир жол курулушу бүткөн мезгилде кыймылсыз мүлк чет мамлекеттин чегинде жайгашкандыктан, ал мамлекеттин коопсуздугуна карата жана магистрал транзит болгондуктан ички иштерге кийлигишпеш үчүн бул мүлк Кыргызстандын карамагына толугу менен кайтарымсыз менчигине ээлик пакетин тапшырып, андан ары жолдун толук тейлөөсү жана транзит тарифи, жүк ташууну текшерүү Кыргызстандын милдети катары чечилиш керек.

Мезгилдеги базар экономика катнашы – бул ички мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, өз каражаты жана өз дараметине ишенип өнүгүү. Базар экономикасында ар бир мамлекеттин саясаты өз кызыкчылыгын гана көздөйт (суверенитет милдети).

Англиянын досу да, касыда да жок, өз мамлекетинин гана кызыкчылыгы бар. Мисалы, АКШ–Ирак жаңжалында Түркияга 20 млрд. доллар страховка сунуштаган куралдуу контингентин Түркиянын Ирак чек арасына жакын убактылуу чегинде дислокацияга суранган. Түркия коопсуздук коркунучу жана экологиялык зыянга компенсацияга 35 млрд. доллар доолаган.

Кытай–Өзбекстан транзит темир жол долбоору убактылуу эмес курулуш жана транзит жол жогорку рентабелдүү жүк ташуу магистралы чексиз жана гарантиясыз максатта. Бизге экономикалык, экологиялык жана коопсуздукка каршы иштерин жүргүзүүгө компенсация 25 млрд. доллар аванс чектелсе, логикага жатат.

Экспортко ылайык жогорку рентабелдүү өндүрүш ишканаларын ишке ашыруу жана аграрияда кайра иштетүү маселелеринен жыйынтык чыгарууда миграциядан арылабыз. Базар экономикасын өздөштүрбөй, пайдасыз жакырчылыкка жана кризиске учурадык. 

Монголия 30 жылдын ичинде 42 млн. кой (бодо малды айтпаганда) өндүрүп, жакырчылыктан кутулду. Чакан мамлекет Катар кумду чукуп мунайзат сатып, Европа менен теңтайлашып, элин тентитпей, жетиштүү коомдо, эл энчиси социалдык коргоодо. Ал эми финндер дээринде интеллектуал. Биринчи катарда тартипте бакубат жашоо... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер