Экинчи аял болуп күйөөгө тийгениме өкүнүп жатам


Жакында эле баш коштум. Бул менин экинчи күйөөм. Биринчи турмушумдан балам бар. Жашоом да, жумушум да жакшы болчу, эч кимден кем болгон жерим жок эле. Бирок түшүнбөйм, негизи башым айланып, шашылыш чечим кылып койгондой болом. Көпкө чейин турмушка чыкпай жүргөнүм да таасир этти окшойт. Ошентип, экинчи аял болуп турмушка чыктым. Азыр ошого катуу өкүнүп жатам. Экинчи аял баары бир арткы орунда каларын кеч түшүндүм. Мага күйөөмдүн убактысы аз.
Күйөөгө чыга электе баары сонун болчу. Азыр ага болгон сезимим солгундап калды. Өзүм ойлогондой эмес экенин түшүнүп жатам. Балалуу боло элек кезде кетип калайынбы же жашап көрөйүнбү? Эки анжы болуп, кыйналып жүрөм. Эрдин санын көбөйткүм келбейт. Жаштыкка салып алган жаңылыштыгым үчүн өзүмдү жемелеп жатам.
Бардыгыңыздарга бактылуу үй-бүлө каалайм!
Элина











