Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Этият болуңуз! Алдамчылыктын жаңы ыкмасы пайда болду!

Этият болуңуз! Алдамчылыктын жаңы ыкмасы пайда болду!

29-ноябрь, 11:56
852 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнө жүзүндөгү шылуундар банк картасына байланыштуу алдамчылыктын жаңы ыкмасын ойлоп табышты. 

Алдамчылыктын бир канча жолу бар, бирок схемасы бирдей эле. Мисалы, банкоматта сиздин алдыңызда турган адам бир нече кадам ары баскан соң кайрадан кайтып кетип банкоматта картасы калып калганын айтат.

Ал эми карта салынган жер "жутуп" ала турганын билдирип күйүп-өчүп белги берет. Ошол учурда сиз жаныңыздагы кишиге жардам иретинде картасын алып бере каласыз.

Ал дароо картасын текшерет дагы ичиндеги акчасы жок экенин айтып, сизге доомат артат. Жаныңарда турган бейтааныш киши күбө катары сиздин бөлөк бирөөнүн картасын пайдаланганыңызды айтып туруп алат.

Ошентип "жабырлануучу" милиция чакырам деп ызы-чуу салат.

Шылуундар буга атайын даярданып алып, киши көп келбеген банкоматтын жанында топтошуп алып, кылтакка илинчү адамды күтүшөт.

Негизгиси мындай кырдаалга кабылган адам паникага алдырбай, өзү демилгечи болуп милиция чакырышы керек. Биринчиден, банкоматтын камерасы бар. Экинчиден, карта аркылуу аткарылган ар бир операция банкта каттоого алынат. Демек сиздин бирөөнүн акчасын уурдабаганыңызды далилдөө өтө жеңил.

Эскерте кетсек, жолдо баратып атайын сумкасындагы буюмду түшүрүп, артында келаткан адамды "уурдап алдың" деп күнөөлөп, анын сумкасын аңтарып, капчыгын кымтып алган шылуундардын да ыкмасы жайылган эле. Кандай болсо да шылуундардан сак болуңуз!

Aryba.kg
 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер