Исмаил Исаков, генерал: “Соттун өкүмүнө ылайык Курманбек Бакиев 30 жыл түрмөдө отурушу керек”

-- Исмаил Исакович, “Курманбек Бакиев менен Сапар Исаковду өткөрүп берели” деген маселе көтөрүлүп жатканын президент айтты эле. Чындыгында ячейкадагы акча, алтындарды кимдер алганын билиш үчүн Бакиевди, тарых музейи жана ТЭЦти модернизациялоо боюнча каражат кайда кеткенин аныктоодо Сапар Исаковду алып келиш керекпи? Же бул саясат аларды оңой актоо үчүн жасалып жатабы?
-- Курманбек Бакиев менен Сапар Исаков жөнүндө президент туура эле айтты. Анткени, тигил экөө турган жердин президенттери менен биздин президент ар кандай мамлекеттик иш-чаралардын алкагында тез-тез жолугушуп, сүйлөшүп турушат. Президенттер алар жөнүндө өздөрүнүн пикирлерин айтышы мүмкүн. Бирок менин жеке оюмча, биздин коом, бийлик төбөлдөрү экөөнү бири-бирине байланыштырып карашы баардык тараптан туура эмес. Анткени Курманбек Бакиев ким? Сапар Исаков ким? Экөөнүн жасаган кылмышы эки башка, айырмасы асман менен жердей. Сапар Исаковдун кылмышы өзүң айткандай, ТЭЦ жана тарых музеиндеги коррупциялык ишке байланыштуу, ал капастан бошонуп качкан коёндой отурган жеринен жылт койсо, Курманбек Бакиевдики таптакыр башка. Анын кылмышы, өлкөдөн чыгып кеткени дагы өзгөчө. Эгерде чечмелеп айтсам, мындай: мындан туура 20 жыл мурда, тагыраак айтканда, 2005-жылы 24-мартта элдик революция менен бийликке келген Курманбек Бакиев Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк режимин демонтаж кылып, демократиялык, укуктук өлкө куруп, “Исхак Раззаковдой таза иштеп берем” деп бизге (аны колдоп, сүрөп чыккан саясатчыларга), элге берген антын, убадаларын аткаргандын ордуна тескери кетип, өзүнүн кландык, үй-бүлөлүк, криминалдык бийлигин күчөттү. Кыска мөөнөттүн ичинде Аскар Акаевден ашып өтүп, Конституцияны бир нече жолу алмаштырып, бийликти баласы Максимге жана инилери Жаныш, Марат, Адылдарга башкартып салган. Энергетика тармагындагы жана башка стратегиялык объектилерди баласы Максимдин финансы директору Е.Гуревичтин фирмасына (MGN Group) саттырып, бааларды көтөрттүрүп, эркин журналисттерди ур-токмокко алдыртып (А.Князев, ж.б. алтымышка жакын ММК өкүлдөрү), өлтүртүп (Г.Павлюк), бычактатып (С.Абдылдаев), саясый оппоненттерин каматтырды. Ошону менен бирге жогоруда айтылган бийлигин күчөтүүгө салымын кошкон Медет Садыркуловду, айдоочусу жана С.Слепченкону мыкаачылык менен өлтүртүп, өрттөгөнгө барышты... 2010-жылы 7-апрелде аянтка сүрүлүп келген жарандардын токсонго жакынын согуш тааласындагы салгылашууда душмандарды аткандай (элге каршы колдонгонго тыюу салынган) күжүрмөн октор менен аттырды. Анын жыйынтыгында 90го жакын жараныбыз ажал таап, бир жарым миңдейи ар кандай деңгээлде жаракат алышты. Анан атылып жаткан октон коркпогон элдин каарынан коркуп, түнү менен кичи мекенине качты. Ал жерде дагы жөн отурбай “керек болсо өлкөнү канга боёп, бийликти сактап калам, өлкөнү Оштогу резиденциядан башкарам” деп Ошко 14-апрелде барганда, ал жердеги элден куулуп, кайра кичи мекенине кайтып келгенге мажбур болду. Ошентип, барарына жер таппай калганда кээ бир өлкөлөрдүн президенттерине чыкса керек, алар дагы калпынан, берген убадаларынан тажаганбы, айтор, анын бийлигин калыбына келтиргенге жардам бергендин ордуна өзүн өлкөдөн чыгып кетишин сунушташып, АКШнын, Россиянын, Казакстандын, Беларустун президенттеринин жана ОБСЕ менен ЕвроСоюздун суранычтары менен өлкөдөн чыгарылып кетти. Ошондо анын кетишине биз каршы болгонубузга карабай, Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Исаковнанын энелик сезими үстөмдүк кылдыбы же ири өлкөлөрдүн президенттеринин, ОБСЕнин жана ЕвроСоюздун суранычтарынын таасири тийдиби, жеке жоопкерчиликти өз мойнуна алып, 16-апрелде Казакстандын АН-26 аскер учагы менен Казакстанга учуп кеткенге мүмкүнчүлүк бердирди. Ойлоп көрбөйсүңбү, эгерде ошондо өлкөдөн чыгарттырбай койгондо тагдыры эмне болмок?.. Ошондуктан Курманбек Бакиев бүгүн четте болсо дагы аман-эсен жашап жатканы үчүн сүйүнүп, жогоруда аталган өлкөлөрдүн президенттерине, ОБСЕ менен ЕвроСоюздун өкүлдөрүнө жана жеке жоопкерчиликти өз мойнуна алып, анын өмүрүнө залалын тийгиздирбей чыгарттырган Роза Отунбаевага өмүр бою рахмат айтып жүрүшү керек, эгерде акылы болуп, аны түшүнсө. Мына, К.Бакиевдин кылмышынын жана чыгарылып кетишинин өзгөчөлүгү.
-- Курманбек Бакиевди алып кетүүдө Нурсултан Назарбаев атайын аскер учагын жибергенби? Ал жазган арызынан баш тарткан учурлар болгонбу?
-- Ооба, атайын аскер учагын жиберген. 16-апрелде Казакстандын аскер учагынын бизге учуп келишине коргоо министри катары уруксатымды бергенден кийин, учак эртең мененки саат ондордо болсо керек, Жалал-Абаддын аэропортуна учуп келип, Курманбек Бакиевди үй-бүлөсү менен алып чыгып кеткен. Учак Таразга барып конуптур, ал жерден отставкасы боюнча өз арызын жазып, факс аркылуу берип жибериптир. Арызында 7-апрелдеги окуялардын баардыгына Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жоопкерчиликтүү деп жазыптыр. Өзү аппак. Эми ушул жерден фактыларга токтоп кетейин.
Биринчиден, 7-апрелде аянтта элди атып жатканда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жок эле. “Ок атышып, адамдар курман болорун” эч ким ойлогон эмес. Ал убакта оппозициянын лидерлеринин дээрлик көпчүлүгү СИЗОдо, мен түрмөдө отургам. Атылганы атылып, жарадарлар жаткан учурда Курманбек Бакиев жан-жөөкөрлөрү, кээ бир министрлери менен Акүйдүн 7-кабатындагы бөлмөсүндө карап отурушкан. Аны токтотууга аракет кылган эмес. Мунусу дагы чоң кылмыш. Ал эми имараттын биринчи кабатында коргоо министрликтин курсанттары жана жоокерлери куралдары менен даяр турушкан. Аларды алып келип, даяр кармап турушу дагы кылмыш. Муну кантип танат? Акүйдөн атылган октон коркпой, кайрадан атылган окко көкүрөктөрүн тосуп, бүткүл дүйнөнү таңкалтырып, аягында андай мыкаачылыкка чыдабаган эр жүрөк, баатыр кыргыз жаштары Акүйдү штурм кыла баштаганда, качып чыкканга аргасыз болгону дагы факт. Ал Акүйдөн качып, анын бийлиги паралич болуп иштебей калгандан кийин гана СИЗОдо кармалып отурган жеринен чыгарылган оппозициянын лидерлери өлкөнүн стабилдүүлүгүн сактап калуу, башаламандыкка жана 2005-жылдагыдай талап-тоноого жол бербөө максатта түндө Убактылуу өкмөттү түзүшкөн.
Экинчиден, отставкага кетүүсү боюнча арызды эч ким мажбурлап жаздырган эмес, ал өз ыктыяры менен жазып берген. Ошого карабай анын тарапташтары 19-апрелде Жалал-Абадда облустук административдик имаратын басып алышып, П.Рахмоновду губернатор кылып шайлашып, өз бийликтерин орнотушканда, ага шыктанган К.Бакиев, 21-апрелде Минскиде журналисттер үчүн атайын пресс-конференция уюштуруп, “мени арыз жаздырганга мажбурлашкан, ал арызымдан баш тартам, Кыргызстанда легитимдүү президент бир гана мен” деп жогоруда айтылган өлкөлөрдүн президенттерине, ОБСЕ жана ЕвроСоюздун өкүлдөрүнө берген сөзүнөн дагы кайтып, өзүнүн суранычын таштандыга ыргытып, алардын бетине түкүргөндөй мамиле кылып, жазган арызынан расмий баш тартканын кантип четке кага алат? Анысы менен ал колдон чыгарган бийлигин, байлыктарын сактап калуу үчүн өзүнүн тарапташтарына, инилерине жана балдарына Убактылуу өкмөткө каршы күрөшүүгө негиз түзүп, каалагандай салгылашкыла (!) дегендей ишараты эле, аягында баласы Максим айткандай “кипиш” уюштурушуп, Ош окуясынын чыгышына башкы себепкер болду. Ош окуясын иликтеген баардык комиссиялар аны аныкташып, шайлоодон утуп келген беш партиянын өкүлдөрүнөн турган Жогорку Кеңеш (“Ата-Журт”, КСДП, “Республика”, “Ар-Намыс” жана “Ата мекен”) күнөө Бакиевдерде экендигин биринчи орунга коюшуп, ташка тамга баскандай бекитишкен.
Үчүнчүдөн, ошол учурдагы 10-15 жаштагы жаштарыбыз азыр 25-30 жашка чыгып, аң-сезимдери өсүп, көп нерсеге маани берип талдап калгандыктарына байланыштуу, анын соттолушуна К.Бакиев өзү да жана кээ бир жарандарыбыз да түшүнүп-түшүнбөй Убактылуу өкмөттү күнөөлөп жүргөндүгүнө тактоо иретинде айта турган сөз. Убактылуу өкмөттүн 7 мүчөсү: А.Атамбаев, Ө.Текебаев, А.Бекназаров, Т.Сариев, А.Эркебаев, Б.Шерниязов жана мен элге берген убадаларыбызды толук аткардык. Алар кандай дебейсиңби? Бакиевдер, өзбек сепаратисттери жана парламенттик бийликтин түзүлүшүнө каршы болгон үчүнчү тышкы күчтөр тарабынан чыгарылган Ош окуясын кыска мөөнөттө токтотуп, өтүп кеткен стратегиялык объектилерди мамлекеттин карамагына кайтарып, бааларды төмөндөттүрүп, саясый куугунтук менен камалгандарды чыгарттырып, эркин журналисттерге жана жарандык коомдун активдүү иштешине шарт түзүп берип, белгиленген мөөнөттө референдумду өткөрүп, 21-июлда же 3 ай 13 күндөн кийин, 2010-жылдын 21-декабрында Роза Отунбаеванынын указынын негизинде 8 мүчөсү ишмердүүлүктү токтотуп, толугу менен (Убактылуу өкмөт) таркатылганбыз. Ошентип, 2010-жылдын 21-декабрынан кийинки окуяларга Убактылуу өкмөттүн тийешеси таптакыр жок. Кийинки окуяларга тийешеси барлар конкреттүү аты- жөнү бар адамдар жана бийликке келген партиялар. Курманбек Бакиевдин кылмыштарын иликтеп, далилдеген беш партиядан турган бийлик, тагыраак айтканда, алардын тергөөчүлөрү, прокурорлору жана алардын соттору болгон. Анткени ага соттун өкүмү 2013-2014-жылдары чыккан. Муну эл так билип алышы керек.
Эми сен жогоруда суроо бербедиңби, “ячейкалардагы акчаларды жана алтындарды ким алганын айтуу үчүн Бакиевди алып келишеби?” дегендей, туурабы?
-- Туура. Бул саясый оюн эмеспи?
-- Убактылуу өкмөт алган каражаттарды, алардын сарпталышын жогоруда айтылган беш партия добуш берип түзгөн өкмөт, алар дайындаган прокурорлор жана иликтөөчүлөрү барын такташкан, каражаттар ошол учурдагы кырдаалды турукташтыруу үчүн пайдаланганы аныкталган. “Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жеп-ичип, кымтып алды” деген фактылар табылган эмес. Ал боюнча башкы прокурордун отчету, Жогорку Кеңештин чечимдери бар. Ошондуктан, “Курманбек Бакиевди алып келип, ошолорду айттырат” деген болбогон иш... Элдин оюн башкага буруу. Эгерде ошондой фактылар болгондо, ал 20 жыл жөн жатпай эчак эле айтып чыкмак. Ал эми алтын боюнча Жогорку Кеңеште бир жолу маселе көтөрүлүп, кийин токтоп калган. Аны иликтөөнү ошондо мен да колдогон элем. Ал маселе Убактылуу өкмөт таркап, шайлоо өтүп, жаңы бийлик келгенде болгон. Ага Убактылуу өкмөттүн тийешеси жок.
-- Курманбек Бакиев менен Сапар Исаковдун келиши Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн темир тор артына камалышына себеп болбойбу? Мындай суроо жогору жактан чыгып атат го?
-- Экөө темир торго түз эле барып, соттун өкүмүнө ылайык Курманбек Бакиев 30 жылга, ал эми Сапар Исаков 15 жылга камалып отурушу керек. Бул Конституцияда бекитилген укуктук өлкөнүн жана мыйзамдын талабы. Аны мен, же сен, же бийлик өкүлдөрү болобу, кыскасы, эч ким буза албайт. Аны бузуу же аткарбай коюу өзү чоң кылмыш.
Убактылуу өкмөт 2010-жылдын 21-декабрында өз миссиясын так аткарып, жаңы бийликтин келишин камсыз кылып, анан таркатылса, экөөнүн өз колдору менен жасаган кылмыштарына кандай тийешеси бар? Кыпындай да тийешеси жок. Жоопкерчилик – биз камсыз кылып, таза шайлоодо утуп келген “Ата Журт”, КСДП, “Республика”, “Ар-Намыс” жана “Ата мекен” партиялары түзгөн бийликте. Алтынды чыгарса ушул беш партиянын биринин өкүлдөрү чыгарышы мүмкүн. Аны бизге байланыштырабыз деген акылга сыйбаган иш. Эгерде ошондой факт болсо, аны Курманбек Бакиев менен Сапар Исаковго байланыштырбай чыгарышсын, ачыкташсын, күнөөлүүлөр жазага тартылсын, алтындар мамлекетке кайтарылсын. Аны биз эки колубуз менен колдоп беребиз.
-- Мындан ары абал оорлошуп, нааразычылыктар көбөйүп кетпейби? Бакиевдерге байланыштуу...
-- Аларды кандай ыкма менен алып келишпесин, эгерде мыйзамдын талаптарын так аткарышып, соттун чечимдерине ылайык түз эле түрмөгө барып отургузушса жана Бакиевдер алып чыгып кетишкен мамлекеттин жүздөгөн миллион долларларын азыркы “кустуризациядагыдай” кустурушуп, мамлекеттин эсебине өткөрүшсө, албетте, бийликтин аброю жогорулайт. Мыйзамдуулук бизде өкүм сүрөрүн иш аркылуу көрсөтүшмөк. Адилеттүүлүк орнойт, эл аралык авторитетибиз да жогорулайт, эң негизгиси, баарына сабак болот, абал оорлошпой кайра жакшы нукта кеткенге дагы бир мүмкүнчүлүк жаралат. Илгери биз союздун армиясында кызмат өтүп жатканыбызда тажрыйбалуу командирлерибиз “Живи по уставу, завоюешь честь и славу” деп биздин кулагыбызга куюшчу. Анын сыңарындай, мен ушул сөздү анча-мынча бурмалап, “Живите по закону, завоюете честь и славу” деп баардыгына айтар элем. Ошондо Конституцияда бекитилгендей укуктук өлкө деген статутубузду бекемдейбиз, өлкөбүздө стабилдүүлүк да, өнүгүү да, эркин жашоо да болот. А эгерде аларды алып келип, соттун өкүмүн аткарышпай башкача иш кылышса, анда эң биринчи бийликтин аброю калк арасында эле эмес, эл аралык деңгээлде төмөндөйт. Конституцияда бекитилген “укуктук өлкө” деген сөз таштандыга ыргытылат, мыйзамдуулуктун жаназасы окулуп, кош стандарттуу өлкөгө айланабыз. Элибиздин биримдигине доо кетет, нааразычылык көбөйөт... Ошондуктан, азыркы учурда бийлик тарабынан көйгөйлүү чек ара маселеси чечилип, бир канча алгылыктуу иштер аткарылып жатканда, жакшылык менен бүтпөгөн ушундай иштердин кереги барбы?..
"Азия Ньюс" гезити