Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аялдын карып бара жатканынын белгилери кандай болот?

Аялдын карып бара жатканынын белгилери кандай болот?

06-декабрь, 12:09
1 524 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Карылык билдирбей келет. Карылык дайыма эле бырышкан тери, түшүп калган тиш катары сыпатталбайт. Кээде анын алгачкы белгилери байкалбай калышы мүмкүн. Бул тууралуу психология илимдеринин кандидаты Жанна Завьялова өзүнүн байкоолорун бөлүшкөн.   

1. Жүз

Жаш кезде бий аянтында же китеп окуп кино көрүү менен өткөргөн уйкусуз түндөр бет терисине эч таасир бербейт. Бирок жаш курак өткөн сайын уктабай калганда келбет үтүктөлбөй калган кийимдей болуп даана байкала баштайт. Жүз калыбына келбеген бойдон бырыш түшүп, карый баштайт.   

2. Дене

Чымыр дене жаш кезде ооруганда, алкоголь ичкенде, фасфуд жегенде бат эле калыбына келет. Бирок жаш курак өткөн сайын кыймылсыз болгон дене катып, муундар кытырап, диванга жатканда тургуңуз келбей баштайт. Бул да карылыктын башталышынын белгилери.

3. Мээ  

Мээнин кабыл алуу, жаңы бир нерсени үйрөнүү аракеттери жай боло баштайт. Айрыкча жаңы техниканы өздөштүрүү, чет тилдерин жаттоо кыйынга турат. Эс тутум начарлап мээде ой жүгүртүү төмөндөйт.     

4. Амбициялар

Жаш кезде баары алдыга умтулуп, модель, космонавт, дизайнер жана башка болугусу келет. Улгайып бара жаткандын белгиси – жакын адамдарыбыздын бактылуу болуусун тилөө, үй-бүлөлүк тынчтык жана жаратылышка чыгып эс алуу болуп калат. Бийик горизонттордун баары акылга сыйбаган нерсе катары кабыл алынат. 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер