Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гитлердин жоругу кайталандыбы?

Гитлердин жоругу кайталандыбы?

11-май, 00:40
507 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мындан 30 жыл мурда, саясый окуяларды кеч түшүнгөн орус туугандардын айынан СССР мамлекети таркатылып, анын курамындагы Кыргыз Республикасы оор абалда калган. Ошондон бери оңоло албай келаткан Кыргызстанда АКШ баш болгон капиталисттердин саясый-экономикалык үстөмдүгү орнотулуп, кыргыз мамлекети жок болуу чегине жетти. Бирок Кудайдын көзү түз экен, кыйналган кыргыз элине “эл уулдары” Садыр  Жапаров менен Камчыбек Ташиевди жөнөтүп, кыргыз мамлекетин, кыргыз элин сактап калуу тапшырмасын берди. “Эл уулдарынын” келиши менен Кыргызстандын ички жана тышкы саясаты калыбына келип, өнүгүү жолуна түшөрүнө үмүт жаралды. Мизи майтарылган капиталисттердин арам ою ишке ашпай, ар кандай пландары ыдырап жатканына ыза болуп, жер сабап жатышканы байкалууда. 

Көрсө, кылымдардан бери келаткан кыргыз эли улуу эл болуп, Америка континентин басып алып кыргыздан тараган индеецтери кырып баштаган ар кандай баш кесерлерге баш ийбейт экенбиз. Биздин улуттук баалуулуктарыбыз, менталитетибиз аларга караганда миң эсе жогору тура. Капиталисттердин түбүн ичип, жолун жолдогон үй-бүлөлүк, кландык–коррупциялык режимдерди бир эмес үч жолу айдап чыксак, төртүнчүсү болуп кошуна жайгашкан тажик бийлиги чыга калганын көрдүк. Мурда коррупция, контрабанда, аткезчилик менен күн көрүп келишкен шылуундар бүгүнкү күндүн басмачыларына айланышып, кадимки эле  Гитлердин жоругун кайталашты. Анткени, тажик бийлигин отставкага кетирүү талабын койгон тажик элин биринчиден коркутуп, экинчиден алаксытыш үчүн чек ара чырын баштады. Көп жылдан бери айтылып келаткан Афганистан, Ирак, Ливия, Сирияда согушкан профессионал согушкерлер курал-жарактары менен ошондой эле ИГИЛдин калдыктары Тажикстанда жайгашып калышканы жалпыга белгилүү. Тажик тараптын коррупциялык жана мафиялык бийлиги НАТОнун каалаганын аткарып келатканы аз келгенсип, ОДКБнын да мүчөсү болуп алган. Алтургай Россия президенти В.Путин менен да абдан жакшы мамиледе дешет. Бул жерде ОДКБ мүчөлөрү былгытып коюп сыпайыланып турушса, НАТО өлкөлөрү так кесе ачык айтып иш кылышууда. Ошентип, Гитлердин жоругун кайталаган тажик бийлиги өзүнүн оор абалын мурдагыдан да оорлотуп алды. Эми болсо бийликтен кетүүсү керек болот. Жөн эле кетип калбай, эл аралык коомчулуктун “2” деген баасын алып, эл аралык сотто жооп берет. Эң кызыгы, АКШ баш болгон эл аралык уюмдар Тажикстандан чыккан “Гитлерге” кандай баа беришет жана кандай чараларды көрүшөт? Мурда “диктатор, террорист” деген клеймосун чаптап туруп, Усама бен Ладенди баш кылып Ирактын, Ливиянын ж.б. лидерлерин жок кылып таштаган АКШ эми чоң сыноодон өткөнү калды. Же Кудай уруп диктатор-террористти колдоп чыгып, эл аралык коомчулук алдында дагы бир жолу “ит” болушабы? Мындай учурда кыргыздын салты боюнча “иттик бизден кетти, ак чөп башта” дешип кулдук уруп келишет эмеспи. Бирок, тарыхый тамырлары жок эл аралык деңгээлдеги кылмышкерлерде кайдагы адилеттүүлүк болмок эле. Аз убакыт чыдай турсак баарынан кабардар болобуз. Кыргыз элинде “эл оозунда элек жок” жана “калк айтса калп айтпайт” дейт эмеспи. Элдин айтымында, Түркмөнстандын газ түтүгүн Тажикстан аркылуу Кытайга алып өтүүнү каалабаган Россия кыргыз-тажик чыры уланып, газ долбоору үзгүлтүккө учурашын каалайт имиш. Дагы, кыргыз мигранттары орустарга жакын болгондуктан азайып бараткан Россия калкын кыргыздардын эсебинен толуктайт экен. Андай болсо Кыргызстан менен Тажикстан Афганистан сыяктуу өнүкпөгөн өлкөлөргө айланышып ОДКБга кереги жок болуп калышабы? Ошол себептен “жайына кой, согуша беришсин, бири өлүп, бири калсын, биз кийлигишпей эле коёлу” дештиби? Стратегиялык өнөктөшүбүз “нам не выгодно, какая нам польза?” деп карап турушса ОДКБны С.Жапаров менен К.Ташиев өздөрү башкарышы керек. Орустардын ушундай кеч түшүнгөнү жаман да. Минтип отурушса Борбор Азияда ээн эркин жайгашып алган НАТО өлкөлөрү бир жагынан Кытайды, экинчи жагынан Россияны колтукка сайгылай башташат. Программа минимумдан утуш алган Россия, программа максимумдан уттуруп ийиши мүмкүн.


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер