Министр Улан Ниязбеков салабаттуу бийиктиги менен өзгөчө

“Эр жигиттин ичине ээр токумчан ат батат” деген накыл кептин уюткусу министр Улан Ниязбековго бап келишип тургандай. Турмуш жүзүндө баам салып, байкап келатабыз. Генерал каарманыбыздын салмактуу мүнөзү, ар нерсени жети өлчөп, бир кескен кыраакылыгы да бар. Эң башкысы, айкөлдүгү, ички дүйнөсүнүн кенендиги, сабырдуулугу менен өзгөчө...
Бийлик бутагынын башка тармактарына караганда, милициянын иши опурталдуу, түмөн түйшүктү талап кылат эмеспи. Коопсуздукту, тартипти камсыздоо, кылмыш ачуу сыяктуу милдеттерин санай берсек арбын. Күтүүсүз көрүнүштөр, кырсык, кокустук окуялар кабак-каштын ортосунда орун алары да шексиз. Мындай шартта жогортон пульсту кармагандай министр баарына саресеп салып, сергек мүнөздө баа берүүсү дайыма оңунан чыгып келет. Айрыкча жетекчилерге шарт түзүп берип, ошого жараша талаптарды да таасын коюп, милициянын элге жакын болушуна өбөлгө түзүүдө. Ириде жалпы өздүк курамдын атмосферасын оңдоп, ырааттуу башкарууну улантып келет. Тазалануу да ыгына жараша. Жөнөкөй эле мисал. Мурдагы министрлер кадр саясатына карай радикалдуу чечимдерди кабыл алып, кызматкерлердин укуктарына карабай тебелеп келишчү. Натыйжада, ич-ара соттошуулар, интригалар арбын жүрчү эле. Ал эми Улан Ниязбеков ИИМди башкарганы баарына адилеттүү карап, мыйзамдын алкагында жыйынтык чыгарат. Кол астындагы жетекчилерге шанс берип, негизинен иштеген кадрларды колдойт экен. Илгеркидей жердешчиликке ыктоо, же кандайдыр бир топ түзүү (!) дегенди байкай алган жокпуз. Кайсы гана начальник болбосун, милицияга күйсө, камчы салдырбай кылмыш ачтырса, ишин тартып кетсе, чарбачылыкты да тейлесе, айтор, билгичтиги менен алдыга озсо, карьералык өсүүсүнө жол чабылат. Өздүк курам ичиндеги ак эмгек, профессионалдуулук гана жогорку тепкичтерге чыйыр саларын көрсөтүп койду...
Дагы бир жагдайга токтолсок, айрым убактарда Улан Ниязбековго каршы чыккан “жалаяк ооз” шыбакчылар пайда боло калат. Соцтармактарда “үрүп чыккан”, каралагандар да болушту. Министр аларга теңелип, териштирип, артынан түшүп, жамандык деле кылганын байкаган жокпуз. “Таш менен ургандарга” маани деле бербейт тура. ИИМдин ишин илгерилетип, көп багыттуу жумушу менен өзүн көрсөтүүдө. Айтмакчы, депутат Айгүл Айдарова эки-үч курдай калптын баарын шыпыртып, министрге “баткак чачыратканга” далалат жасады. Ким бирөөнүн буйругун да аткарышы мүмкүн. Ыксыз эле айып чукууга ашыгуунун арты жаман бүтөт окшобойбу. “Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт” демекчи, депутат аялдын айыбы ачылып, уяты далдаалап айрылгандай образ жаратты го. “Обону” да озондоп бийик чыгып... Чечмелебей эле коёлу. А орчундуу өңүтүнө келсек, өткөн айда Айгүл Айдарованын камалары боюнча каңшаар тараган. Ал Аламүдүн РИИБде тергөөчү кезинде кылмыш иштерин мыйзамсыз кыскартканы, чалмакейди чалганы, кыскасы, көшөгө артындагы былыктары көп көйгөйдү жаратканбы? Эмнегедир кол тийбестигинен ажырабай, камалбай, эркиндиктеги жашоосу узарууда. Асыресе, Улан Ниязбеков кенендигине салып, бийик туруп, кол шилтеп койду окшойт. Баары бир төбөдө Кудай бар да, кимдин ким экенин таразалайт эмеспи. Эгерде башка эрегишчил министр болгондо, Айгүл Айдарованы алдастатып, тагдырын жарга илип коймокпу?
Ток этерине келсек, жогоруда белгилегендей, кыргыздын белдүү мырзаларына мүнөздүү Улан Ниязбеков дандуулугу, сабыр күткөнү, салабаттуу бийиктиги менен көптөрдөн өзгөчөлөнүп турат экен. Эмесе, өр таянган түйшүктүү жолун ийгилик жылоолоп, жаңы тарых барактарын жарата берсин! Ондогон жылдардан кийин да кыргыз милициясына жасаган эмгеги даңкталса, келечек муунга из калтырганы, үлгү жасаганы ошол да.