Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат Жаныбек Кыдыкбаев чек ара боюнча дүрбөлөң кылбоону суранды

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев чек ара боюнча дүрбөлөң кылбоону суранды

12-октябрь, 11:43
419 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев “айрым кесиптештер чек ара боюнча ызы-чуу салып жатышат” деп билдирди.

Анын айтымында, «бардык президенттердин тушунда чек ара маселеси Кыргызстандын аймактарын өткөрүп берүү жолу менен чечилген».

«Маркум Чубак агабыз айткандай, чек ара маселесин билбесеңер кийлигишпегиле, Акаевдин тушунда Кытай менен чек ара маселесин Үзөңгү-Куштун жардамы менен чечкенбиз. Бакиевдин тушунда Казакстан менен чек ара маселесин Каркыранын жардамы менен чечтик. Анан айрым кесиптештер ызы-чуу салып жатышат. Бул маселени мамлекет чечет. Тескерисинче, элди ынтымакка чакырыш керек. Бул маселе күн сайын көтөрүлүүдө» деди Кыдыкбаев.

Анын кесиптеши Адахан Мадумаров чек ара маселелерин мыйзам чегинде чечүүнү талап кылды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер