Бекен Назаралиевдин «Тагдырдын өкүмү» повести, андагы адеп-ахлак жана ыймандуулук маселелери
Бекен Назаралиевдин биринчи олуттуу чыгармасы 1985-жылы жазылган «Тагдырдын өкүмү» болду окшойт. Повесттин биринчи бети окуянын жыйынтыкталышынан маалымат берүү менен ачылып, анан барып гана андагы түйүн акырындык менен чечмеленип баштайт. Адепки маалыматка ылайык, «Райкомдун биринчи катчысы баласын үйлөнтүп, куда тосуп, парпырата той берип жаткан. Дал ошол күнү, ошол үйдө катчынын атасы көз жумбаспы! Тойго каскак болбосун деп атасынын сөөгүн эч кимге билгизбей көмүрканага жашыра коюп, уулунун тоюн уланта берген болчу...» (Б.Назаралиев, “Тагдырдын өкүмү”. Китепте: Кызыл өрүк: повесттер. – Б.: Турар, 2020. – 199-б. Мындан ары китептин бети көрсөтүлөт).
Байкалгандай, повесттин сюжеттик-композициялык курулушу кыйла татаал. Мында кеп илгертен келаткан салтка ылайык, жеңесине үйлөнүүгө аргасызданып, чын сүйүүнүн даамын кийин таткан тегирменчи карыя Кемел, сүйүп-күйүп тийген күйөөсү Базарбай согуштан качып, дайынсыз кеткен Бактыгүл жана анын райкомдун биринчи катчысы кызматына чейин жеткен уулу Өкмөтбек, небереси Азим, ошондой эле Өкмөтбек ак жерден түрмөгө каматып, тагдыры талкаланган Азамат жана анын Өкмөтбектин уулу Азимден боюна бүтүп төрөттөн өлгөн, артында уул калтырган кызы Назгүл, баласы Өкмөтбекти издеп келип тапкан небересинин үйлөнүү тою күнү көз жумуп, сөөгү көмүрканада кала берген шордуу Базарбай, анан эң башкысы, ошол той болуп жаткан түнү келген коноктору менен кошо үйүн сел алып кеткен Өкмөтбектин үй-бүлөсү, куда-кудагыйлары тууралуу жүрөт. Мына ушулардын баары повестте көркөм сөздүн күчү аркылуу ишенимдүү, жасалмасыз, табигый жүзү менен баяндалат.
Азыркы суу сактагычтын ордунда башта чоң кыштак болуп, эли башка жакка көчүрүлөт. Кемел аттуу бир абышка гана биротоло көчүп кетпей, ээн калган эски тегирменинин ордуна күндө бир маал келет. Тегирменинин жанында туруп, өткөн күндөрүн эске түшүрөт. Бул арада эски кыштактын үйлөрүн бульдозер менен түртүп, жерди түздөп-тегиздөө иштери жүрүп, анын башында башкы инженер катары райкомдун биринчи катчысы Өкмөтбектин уулу Азим турган эле. Анын кимдин уулу экени билингенинен көп өтпөй райкомдун катчысы Өкмөтбек Кемелдин алдына келет.
Алгач окурман Кемел абышка менен Өкмөтбектин ортосунда кандай катыш бардыгын, эмне үчүн ага Өкмөтбек кайсы бир даражада милдеттүү экенин көп деле боолголоп биле бербейт. Өкмөтбек келгенинде Кемелден өзү жөнүндө билгендерин эч кимге айтпоосун өтүнөт...
«-- Түшүнбөдүм, кайсы билгендеримди айтып жатасың?
-- Согуш мезгилинде биз сиздин үйүңүздө баш калкалаганыбызды. Ошолор менин кызматтан өсүшүмө балта чапчудай болуп турат. Ойлосом, кээде өзүмчө бушайман болуп кетем. Менин өткөн турмушумду сизден башка жан адам билбейт. Азыр да кызматтан көтөрүлгөнү турам, ошого залакасы тийип калбасын...
-- Башында эле ошону айтпайсыңбы? Мени “ата” деп чоңойгон элең, эми “ата” дегенге оозуң барбай жатабы? Эр жетип чоңойгон соң, суу ичкен кудугуңа түкүрүп, тамак ичкен казаныңды тээп басып кеттиң. Адам деген ошо, жылкы мүнөз болот эмеспи. Курсак тойсо болду, баарын унутуп салабыз.
Сени өз уулумдан кем эмес көрчүмүн. Апаңдын көрөр күнү аз экен, жакшылыгыңды көрбөй кете берди. Өзүң билесиң, апаңды өз колум менен аркы дүйнөгө узаттым… Уулум экөөңөр чоңойгондо жалгыз уюбузду сатып, өзүбүз сүтсүз калсак да, шаар жеринде кыйналбасын деп квартирге төлөп, кийим-кечеңерден бери алып берип жүрдүм. Окууну бүтүп үйлөндүң, анда да өксүп калбасын деп тоюңду өткөрүп бердим…» (209–210-б.).
Чыгармадан үзүп алынган бул чакан тексттен ачык көрүнүп тургандай, Өкмөтбек дөөлөткө жетип эсиргени атасы катары багып өстүргөн, чоң окууну бүтүртүп, үйлөнтүп-жайланткан кишиге эми кол бергенден тартынып калыптыр. Аны багып-чоңойткону тууралуу маалымат анын кызматтык өсүүсүнө жолтоо болот имиш. Мында ал ушул айтканы менен эле токтолуп калбай, бул пастыгын кандайдыр жымсалдагысы келгенсип, чөнтөгүнөн бир далай акча алып чыгып, Кемелге сунат. Өкмөтбектин анын көңүлүн акча менен сатып алгысы келгенине жаны кашайган карыя аны жерине жеткире тилдеп, адамгерчил жүрөгү дагы бир тилинип, катуу муздай түштү. Анткен менен Өкмөтбек апасы Бактыгүлдүн өлөрүндө баласы экөөнүн Кемелдин алдында милдеттүү, көп карыздар экендигине байланыштуу айткан керээзин мына ушул үйүнө кайтып кеткени машинасын көздөй басып баратып эстеди…
Ал эми бул маалда Кемелдин эсине анда жаш ымыркай, азыр биринчи катчы Өкмөтбектин апасы Бактыгүл алардыкына кандайча байыр алып калганы түштү. Согуш жылдары, кыштын кыраан чилдеси болчу. Тегирменден жаңы эле келип, үйдүн алдындагы карды күрөп жүргөн болчу. Ошол учурда бейтааныш келин алардын короосуна башбакты. Колундагы баласы чыркырап ыйлап жатты. Тигил келинди көрүп, аялын чакырды…
-- Эже, баламдын төшөнчүсүн кургактап алсам болобу? - деди жаш келин.
-- Болот, болбой эмне?! - деди Кемелдин аялы.
Алар ээрчишип үйгө киришти. Келинге боору ооруп кетти. Дилдиреп жука кийимчен экен» (215-б.).
Курсактары тоюп бир эс алган соң, келин «акемдикине бүгүн эле жетип алайын» дегенинен Кемел аны атынын артына учкаштырып, баланы алдына алып, жеткизип бармай болду. Суук, бурганакта ашууну ашып эптеп жетишти эле, агасы адам уккус жаман сөздөрдү айтып, кийирбей койду. Көрсө, карындашы өзү билип күйөөгө тийип кеткени үчүн ага деген дили биротоло карарыптыр. Аргасыз артка кайтышты. Келин баласы менен Кемелдин согушка кетип кайтпай калган инисинин үйүндө жашап турмак болду.
Күнгө күн алмашып, кыш кетип, жаз дагы кирип келди. Тегирменге тамакты кээде аялы, кээде Бактыгүл жеткирип барат.
Кемел ошол өткөн күндөрүн эстеп, көрүстөн тараптан келатты. Өкмөтбектин бүгүнкү мамилеси бул, аны кошунасы Азамат да жек көрөт. Убагында Өкмөтбек аны жалган жалаа менен кестирип жиберип, бир далай жыл түрмөгө отуруп келген.
Бир күнү Кемелдин үйүнө ар кимге жалданып иштеп жүрчү жыгач уста келет. Ал башын жерге салып, бир топко дейре бир нерсени айта албай кыйпычылыктап жатты. Ал шордуу Бактыгүлдүн согуш күндөрү дайынсыз жоголгон күйөөсү болуп чыкты. Өзүнө окшогон аскерден качкандарга кошулуп мал уурдап, ага качкындыгы кошулуп, он-жыйырма жылдап түрмөгө отуруптур. Бошонгону аялын, баласын издеп, акыры Кемелди таап, үй-бүлөсүнүн дайынын сурап турган чагы. Келинчеги Бактыгүл, алты айлык баласы болуп дайынсыз жоголордун алдында түшкөн сүрөттү төш чөнтөгүндөгү портсигарына салып сактап жүрүптүр.
Ошол арада Азаматтын кызы Назгүл Өкмөтбектин уулу Азимден боюнда болуп, айылдагы ата-энесиникине кайтып келет. Бойдогу баланын атасы жек көргөн душманы Өкмөтбек Базарбаевдин уулу Азим экенин укканда Азаматтын каны ичине тартып, каары кайнап чыгат. Азимге үйүнө жакын жерден жолугуп, аз жерден мылтыгы менен атып коё жаздап барып токтолот.
Тегирменчи Кемел айыл аксакалдары менен кеңешип, алар менен чогуу райкомдун биринчи катчысы Өкмөтбектин үйүнө барып, ага атасы Базарбайдын табылганын айтышты эле, Өкмөтбек Базарбайды атасы катары кабылдабай жерип турса да, элден чыгып каламбы, андан да кызматтык өсүшүмө залалы тийеби (?) деп үйүнө алып кетет. Жуундуруп, кийимин которттурат. Эми Базарбай Өкмөтбектин үйүнүн короосуна көз болуу менен алектене турган болду.
Суу сактагычтын алдына кетчү кыштактын үйлөрүн түрттүрүп жатып, көрүстөнгө кезек келгенинде тракторчу-бульдозеристтер мүрзөлөрдү бузганга диттери барбай туруп калышат. Башкы инженер Азим келип, ишти токтотпоолорун айтып, аларды мажбурлайт. Мындай айбанчылыкка нааразы болгон эл орус бульдорезистти, Азимди бир аз сабап коюшат. Өлтүрүп да салышмак беле, райкомдун биринчи катчысы Өкмөтбек Базарбаев өзү келип, Азимди эптеп жатып куткарып калат.
Ооба, убакыттын өтүшү менен Бактыгүлгө деген сезими ойгонуп, анан экөө кантип жакын болуп кеткенин да билбей калышты. Мамиле дагы тереңдеп, аялы билип калган соң, Бактыгүл Кемел жокто аргасыздан ошол эле райондогу башка бир айылга ооп кетет.
Кемел Бактыгүлдү көпкө издеди. Анан эле бир күнү экөө райондун базарынан жолугуп калышты. Көрсө, четки айылдын бирине ооп барган Бактыгүл андагы жатак мектептин директоруна жолугуп калат. Адамгерчиликтүү, түшүнүктүү адам экен, мектептин чарба бөлүмүнөн бир бөлмө бошоттуруп берип, жумушка алат.
Аркы-беркини сурашып, анан Бактыгүлдүкүнө бараткан жолдо келин ортодогу мамилени токтотуу сунушун киргизет:
«-- Мен башы бош келинмин. Сиздин үй-бүлөңүздүн ынтымагын бузуп, ага доо кетирдим окшойт, коломтоңуздардын оту бузулбасын деп ойлойм. Керек болсо, сизди бир тууган агамдан артык көрөм. Сизден суранарым ошол, өзүңүздү, үй-бүлөңүздү кыйнабаңызчы...» (349-б.).
Кемел көнбөдү. Бактыгүлдүкүнө келишкенде баласы дагы деле уктап жаткан экен. Чыдамы кеткен Кемел Бактыгүлдү бекем кучактап өпкүлөп кирди… Ал ошол күнү Бактыгүлдүн үйүндө калды…
Назгүл Азимди чындап эле сүйсө керек, дале аны жаман көрө албай, биротоло кыйып кете албай жатты. Анын жандан башкача адамгерчилиги, боорукерлиги, эстүүлүгү өзүнчө узак сөз. Ошол улуу адамгерчилигинен, баарын акылга салып чечкен эстүүлүгүнөн улам көрүстөндөгү кагылыштан жаракат алган Азим ооруканада жатканында анын алын сураганы барды:
«-- Актанбай эле кой, кереги жок. Мен сени соттогону келгеним жок. Болгону чындыкты уккум келди. Ооба, ошон үчүн гана сенин алдыңа келдим... Сага мен ишенчүмүн. Өзүмдү бактылуу сезип, сени да бактылуу кылам деп кыялданчумун. Биз менен чогуу окуган студенттердин баарысы экөөбүзгө суктанышчу эмес беле? Ошол жомоктогудай алтын күндөрүбүз кайда? Ал кезибиз дат баскан темирдей болуп өңүнөн өчүп, эстей турган деле эч нерсеси калган жок. Болгону, экөөбүздүн ак сүйүүбүзгө эмнеге чыккынчылык кылдың, ошону өз оозуңдан угайын деп келдим.
-- Кечир... Мен эрки боштук кылдым. Үйлөнгөн күндө да бактылуу жашай алмак эмеспиз. Анткени биз касташкан эки атанын балдарыбыз, ошону билип ал... Сен үчүн жүрөк этимден кесип берүүдөн да кайтпас элем. Атам каршы болуп туруп алды» (353-б.).
Анткен менен Азим адамдык сезимден такыр эле куржалак калган акмактын акмагы эмес. Назгүлдүн толгоосу күчөп келгенде атасы Өкмөтбек менен апасынын каршылыгына карабай аны машинеси менен төрөт үйүнө жеткирип, анан уулдуу болгонун укканында анын жүрөгүнүн түпкүрүндөгү адамдык көрөңгөсү козголуп, буга чейин эрки жетпей келген чечкиндүү кадамга түртмөлөгөндөй, «…бул менин балам. Болгондо да эркек. Мен Назгүлгө гана үйлөнөм. Силер мага капа болбогула. Өз уулумду өзүм гана тарбиялашым керек. Бүгүндөн баштап мен Назгүлүмсүз, эми гана жарык дүйнөгө келген ымыркайымдын жытысыз жашай албайм. Мен аларга керекмин...» (374-б.). Тилекке каршы, анын бул жандалбасасы убагынан кечигип калды… Ошондон бир саат өтүп-өтпөй Назгүлдүн төрөт маалында кан көп кетип калганынан каза болгону угулду…
Бактыгүл Кемелден мурда эле боюнда болуп, кайрадан жолугушканында ичи кадимкидей билинип калган эле. Молдого нике кыйдырып, Бактыгүлгө карата мамилесин дин жолу менен болсо мыйзамдаштырып алган соң, Кемел тегирмени жактагы өз үйү жакка дээрлик каттабай турган болду. Тилекке каршы, экөөнүн бактысы узакка созулбай, Бактыгүл төрөттөн каза болот.
Назгүл тигинтип каза болуп калган соң, Азим да ата-энесинин эркине көнүп, алар айткан кызга үйлөнмөк болду. Той болор күн да келип, ошол күнү баягы шордуу Базарбай небересинин үйлөнүп жатканына жетине албай ичип мас болот. Бул кылыгы үчүн уулу Өкмөтбектин ачуу тилин угуп, ызасынан жүрөк оорусу кармап өлөт. Той бүткүчө көздөн далдоо жата турсун деп Өкмөтбек анын өлүгүн көмүрканага таштатып, сыртынан кулпулап бекитет. Эч нерсе болбогондой той андан ары уланат. Адамдар алдында өзүнүн, анан баласынын да күнөөсү ашынып кеткенине табигаттын чындап ачуусу келгенби, айтор, ошол түнү катуу сел жүрүп, анын үйүн, өзү менен бирге үй-бүлөсүн бүт үй ичинде тойлоп жаткан конокторуна кошуп, бирин да тирүү калтырбай алып кетет.
Повесттин акырында райкомдун секретарынын тукумун улаган бир гана Азим менен Назгүлдүн сүйүүсүнөн бүткөн таптаза наристени таятасы Азаматтын бала кылып багып калышы өзгөчө көркөм мазмунга, каймана мааниге ээ. Бул көрүнүштү андагы сүрөттөлгөн кызыктуу, көп маанилүү окуялар эсебинде карап, өзүнчө бир көркөм метафора деп атаса болчудай.
Чындап келсе, мында маселе кызыктуу сүрөттөлгөн окуяларда эмес, автордун ошол окуялар аркылуу айткан көркөм идеясында жатат. С.Кайыпов «Кун» повесттер топтомуна жазган баш сөзүндө таасын белгилеп кеткендей, «Бу чыгарма мифтен алынган же ойлонуп табылган, автордук метафора эмес, турмуштун накта өзүнөн калпып алынган көркөм чындык, же метафорага айландырылган турмуштук окуялар» (С.Кайыпов, “Сабырдын түбү – сары алтын”. Китепте: Б.Назаралиев. Кун: повесттер. – Б.: Турар, 2018. – 23-б.). Демек, дүйнө канчалык чалкештикке толуп-ташып кетсе да, бир күнү арууланып, тазаланары турулуу иш. Табият баарын көрүп-билип, баардык нерсенин эсебин так алып, таразалап турат. Ал өзүнө гана эмес, адамдардын бири-бирине жасаган кыянаттыктарын да кечирбейт. Адам көчү улам иргелип, ылганып, тазаланып, көп жамандын ордун ак соёдой болгон бир таза, тунук наристе ээлеп калары анык. Табияттын мындай тактыгына тан берип, ушул улуу ойду жеткире айткан жазуучуга ыраазы болосуң.
Болот Оторбаев, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти
"Азия Ньюс" гезити