Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кой-Таштагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болду

Кой-Таштагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болду

04-июль, 11:47
759 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн 4-июлда Кой-Таштагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер каза болгонун Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя саат 02:00 чамасында болгон:

"№73809 аскер бөлүгүнүн анык мөөнөттөгү кызматын өтөп жаткан аскер кызматкери, катардагы Ж.Э. (01.04.2000-ж. төрөлгөн) постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыккан, жоокер жаракат алган жеринен көз жумган" деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Окуя болгон жерде Башкы штабдын жетекчилиги, Аскердик прокуратуранын кызматкерлери, Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын эксперттери жана №02625, №73809 аскер бөлүгүнүн командачылыгынын курамынан түзүлгөн комиссия иштеп жатканы маалымдалды.

Kaktus.media басылмасы маркумдун туугандарына таянып жазышынча, жоокер кызматка быйыл 21-майда киришкен, 7-июлда үйүнө барып келүүнү пландап жаткан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер