Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуу Ата мекендик согуштун баатыры Дайыр Асановдун көзү тирүү болсо 100 жашка чыкмак

Улуу Ата мекендик согуштун баатыры Дайыр Асановдун көзү тирүү болсо 100 жашка чыкмак

26-май, 19:11
1 803 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуу Ата мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алган кыргыздын чыгаан уулу, генерал-майор Дайыр Асанов тирүү болгондо 30-май күнү 100 жашка чыкмак. Эли, жери үчүн өз өмүрүн тобокелге салып, кан төгүлгөн согушта эбегейсиз эрдик көрсөткөн Дайыр Асановду анын уулдары Дамир, Данил атасынын өрнөктүү өмүрүнөн айтып беришип, бири-бирин толуктап эскерип отурду.


Баатырдын теги колуна кан уучтай чыккан, жалы бар наристе

-- Жамаке Көкеев папабыздын (Дайыр атабызды “папа” дейбиз) таятасы. 28 жыл бий болгон киши. Ат-Башыда Баш-Кайыңды, Ача-Кайыңды, Орто-Кайыңды деген жерлер болгон. Мына ошо Орто-Кайыңды деген жерде турган экен. Дайыр папабыз мурунку Пограничник, азыркы Казыбек айылынын үстү жагында Орто-Келтебекте көз жарганын чоң энебиз Айша апа айтыптыр. Папабыз төрөлгөндө бир кочуш кан уучтай чыккан экен. Жалы бар эле. Эки далысынын ортосунда бармак басымдай калын көрүп калчубуз. Таятасынын колунда эр жетип, мындайча айтканда, таятасы багып,  араб арибин таанытып чоңойтуптур. Жамаке чоң таятабыз өз заманынын билимдүү кишиси болгон экен. Кадимкидей Кашкардан молдо жалдап келип айылга мечит салдыртып, адамдарга куран таанытканын айтып калчу. Папабыз тестиер кезинде таятасынын куран китебине кызыгып, “бул эмне, мага айтып бериңизчи?” дегенде, “кой балам, тийбе” деп куран китепти өптүрүп, чекесине тийгизип гана койчу тура. 


Жамаке таятасы Совет бийлигине каршы чыккан адам болгонбу?

-- Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары Нарын энциклопедиясы аттуу көк китеп колубузга тийди. Бул китепке кирүү үчүн тийешелүү тартип эрежелери тизмектелиптир. Анын ичинде көзгө урунганы бул болду: “Нарын чөлкөмүндө бий, болуш болгон адамдар” дегени. Анан биз чоң таятабыз Жамакени киргизип коюу аракетин кылып баштадык. 1996-97-жылдары кулакка тартылган жоон топ адамдарды реабилитация (актоо) кылып, мамлекеттик гезиттердин бирине тизмелери байма-бай чыгып аткан. Бир күнү эле биздин чоң таятабыздын акталганын “Жамаке Көкеев” деп окуп калдык. Папабызга көрсөтсөк, далайга чейин гезитти теше тиктеп, кадимкидей көз жашылап ыйлап ийди. “Асманда Кудай бар турбайбы, таятам элине ак кызмат кылганын Кудай көрүптүр” деп бир күбүрөнүп алган. Акталгандын аягында “Урук-туугандары, бала-чакалары ИИМге, УКМКга жазса, тийешелүү документтерин таап беребиз” деген жери бар эле. Кат түрүндө кайрылдык. Бир айга жетпей ал жерден телефон чалышып, “Кудай ур, силердин таятаңар ярый антисоветчик турбайбы! Окуп алып төбө чачыбыз тик турду” дешти. Көрсө, папабыздын таятасы Совет бийлигине каршы болуп жүргөн адам экен. 1920-жылдары Нарын кылаасында орустардын Бондарев деген көпөсү көтөрүлүш уюштуруп, Совет бийлигине каршы чыккан таасирдүү адамдарды таап, анын ичинде биздин чоң таятабыз кирип калыптыр. А чын-чынында биздин чоң таятабыз “өз элине кам көргөн жагынан укмуш эле” дешип көргөн-билгендер айтып калышчу. 1920-жылы Бондаревдин айынан Кытайга кетет да, 1928-жылы, папабыз 6 жашка чыкканда кайтып келет. Келген учурда кулакка тартуу күчүндө болуп, аз өтпөй Кытайга кайра качат. Ал жакта бир жылча жүрүптүр. Кытайдын бизге чектеш жеринде Тоюн деген өзөнү бар. Узундугу 180 чакырымдай болот. Эки жагына далай айыл-кыштактар жайгашкан. Мына ошол жердин эли “биз сени болуш кылып шайлайлы” десе, “бирөөнүн элинде султан болгуча, өз элимде ултан болом” деп Ат-Башыга кайтып келет. 1930-жылы кеч күздө Жамакени кармап кетет да, 1931-жылы Молдовановкада тергөө иши баштала электе өлүп калганбы, же атып салышканбы, белгисиз. 


Майданда көрсөткөн эрдиктери

-- Папабыз мектепти Баш-Кайыңдыда абдан жакшы окуп бүтүптүр. Окууну бүткөндөн кийин колхоздо эсепчи, мугалим болуп иштеп атканда 1941-жылы Улуу Ата мекендик согушка кетиптир. Айша чоң энебиз кетип атканда жалгыз уул болгонуна карабай көзүнө эч бир жаш алып ыйлабаптыр, “Мен ыйлабайм, ыйдын арты ый. Жаман жорук” деп узаткан экен. Азыркы Балыкчы шаарына, андан ары Токмокко келиптир. Ал жактан мылтык атканды, согуш абалында жүрүм-турумду үйрөтүшүптүр. 1942-жылы Сталинград фронтунда аткычтар артиллериялык полкунун 31-танктарга каршы жеңил артиллериялык бригадасына кирген. Жыйырмага жаңы толгон папабыз бүт дүйнөнү каптаган алааматка жаңы эле кадам таштаган кезинде замбиреги менен душмандын танкасын өрттөп, курал-жарак жүктөлгөн унаасын жок кылган. Бул үчүн "Согуштагы эрдиги үчүн" медалы менен сыйланган. 1942-жылдын 26-сентябрдагы Сталинградды душмандардан бошотуу үчүн болгон согушта төрт танк, алты замбирек, курал ташыган алты унаа жана отузга жакын немис аскерин жок кылган. Көрсөткөн эрдиги жана тайманбастыгы үчүн "Кызыл Жылдыз" жана Улуу Ата мекендик согуштун 1-даражадагы ордендери менен сыйланган. 1943-жылы 23-мартта Украинанын Харьков шаарынын алдында болгон кармашта болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөткөн. Согуш талаасында жалгыз туруштук берген. Душмандардын үстөккө-босток үч ирет чабуулун токтотуп, сегиз танкын, беш брондуу унаасын жана кырктай немис аскерин жок кылган. Төрт сааттан ашуун убакыт чегинбей душмандын мизин майтарганы үчүн “Ленин” ордени, "Алтын жылдыз" медалы менен кошо Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.


Жаңы жашоо

-- 1943-жылы 26-октябрда СССР Жогорку Советинин президиумунун председатели Михаил Иванович Калинин “Дайыр Асанову присвоит Герой Советского Союза” деген указы чыгат. Борбордогулар “Дайыр Асановдун кимиси, атасы-энеси, бир туугандары бар бекен, билгиле” дептир. Аз өтпөй 4-5 адамдан турган комиссия айылга келет. Күзүндө кырман басып аткан учур экен. Айша чоң энебиз ошол жакта жүргөндө “сиз Дайырдын апасы экенсиз, уулуңуз Советтер Союзунун Баатыры болду. Жүрүңүз, үйдү барып көрөлү. Жумушту таштаңыз” дешет. Айша чоң энебиз “ээ кокуй, деги балам аманбы?” дейт. “Аман-эсен. Дайыр ушу үйдө чоңойгонбу?” дейт. Эми билесиздер да, агездеги тамдардын кейпи кандай экенин. Шыптан топурактар түшүп турган. Алды полдонбой, тапталган топурак, аны шыбак шыпыргы менен суу чачып шыпырып коюшчу. Комиссия өздөрүнчө күжүңдөшүп, “Фрунзеден адамдар келсе ушуну көргөзөбүзбү? Алар эмне дешет? Болбойт. Башка үй караштыралы” дешет. Ары жакта жаңы салынган кой ферманын үйүн алып беришет. Эми тирукмуш. Жаңы үйлүү болуп калат деген үч уктаса түштөрүнө кирбептир. Отун-суу даяр, үйдүн ичин акилеп, ал убакта акиташ дегенден элдин түшүнүгү жок. Бир заматта жомок болуп кетет. Азык-түлүк, кийим-кече баары кайдан-жайдан пайда боло баштайт. Кездеме апкелип, айылда жок кийимдерди тиктирип кийгизип... Айша энебиз анын бир сыйрасын элге таратып ийиптир, “уят, биз эле кийе бермек белек?” деп. Анан эки-үч сыйра кийим кайрадан тиктиришиптир.


Советтер Союзунун Баатыры наамын жөн эле беришкен эмес

-- Фашисттердин сегиз танкын, беш брондуу унаасын жана кырктай немис аскерин жок кылганы жана анын айланасындагы кептерди папабыз союз таркагыча эч бир айткан эмес. Кийин мындай деп айтып берген: “Орус да эмес, түпкүрдөн келген кара киргиз кантип ушундай эрдикке барды?” дешип, ошо жердеги жергиликтүү элден начальниктер сурамжылоо кылган. Ал кезде согуштук абал бир аз тынчып калгандан пайдаланып, атайын “Слёт бронебойщиков” деп шылтоолоп, чын-бышыгына жетүү үчүн текшеришет. 6-күжүрмөн армиянын генерал-лейтананты Харитонов (папамды баатырлыкка сунуштама жазган адам) аябай толкунданган экен. “Кол алдымда сержант Асанов мени уят кылбаса экен” деп сарсанаа болуптур. “Сыноодон өтпөй калса өлдүм” дегенсип. Түзүлгөн комиссиянын курамына 9-10 генерал папабызга үч бута: танктын бет маңдайы, бирөөсү кырынан, бирөөсү кыйгачынан коюп, 9 ок беришет. “Кана, сержант, ушу 9 ок менен 3 бутаны атып жок кыл” деп сынашат. Папабыз 9 эмес үч эле ок менен үч бутаны жок кылат. 6 ок запаста калыптыр. Эми элестеткиле, байкуш Харитонов өзү чуркап келип папабызды көкүрөгүнө кыса кучактап, асмандата эки-үч сыйра ыргытып, көзүнө жаш алып ийиптир, “молодец! Киргиз, ты мой гордость, ты мой герой!” дегендерин папабыз айтып берген эле. Геройлукту март айында жасап атса, 7 айдан кийин гана Баатыр наамын ыйгарышкан экен. Жөн эле бербей, тиги жагы айылга чейин текшерип, бу жагы согуш талаасында сынашып...


Калинин жана Асановдун жолугушуусу

-- Наамга указ 1943-жылы октябрь айында чыгып, 1944-жылы февраль айында Москвадагы Кремлдин Георгиевский залында тапшырмак болушат да, наам алчуларга “момундай басып барасыңар. Калининдин колун кыса кармап, силкпегиле (!), кучактап өпкүлөп ийбегиле. Өзүңөрдү маданияттуу кармагыла” деп баарына консультация бериптир. А жерде бир эле согушта эмес, тылда, илимде ж.б. иши кылса баардык наамдарды бир чогултуп ыйгарышкан окшойт. Алфавит боюнча кетип, папабызды 3-4 кишиден кийин чакырыптыр. Строевой шаг менен басып келип “сержант гвардии при получении награды явился!” деп Калининдин алдына “чак-чак” этип туруп калат. Анда Михаил Иванович Калинин папабызга өз колу менен Советтер Союзунун Баатыры наамын тапшырып жатып, “ну че сынок, быть героем трудно?!” дептир, анда мындайды күтпөгөн, устав боюнча гана эрежеден ашыкча кетпеген папабыз “незнаю” десе, залдагы элдер кыраан-каткы күлүп ийишиптир. Ошондо көпчүлүк наам алгандар ашып кетсе “Ленин” орденин алгандар экен. Бир кызыгы, кыргыздардан буга чейин Дүйшөнкул Шопоковго 1941-жылы, Чолпонбай Түлөбердиевге 1942-жылы экөөнө тең баатырлык өлгөндөн кийин берилип, биринчи жолу көзү тирүү папабызга баатыр наамы тапшырылыптыр. Баатырлык менен кошо мурунку ордендери, медалдары да тапшырылып, бир заматта төшү жаркырай түшүптүр. Залда жүргөн журналисттер, фотографтар папабызды эле сүрөткө тартып, үймөлөктөшүп алгандарын жомок кылып айтып берер эле. Сыйлык-наамдар берилген учурда кезектеги СССР Жогорку Советинин сессиясы өтүп атыптыр. Кыргызстандан Токбаев, Вагов, Төрөбай Кулатов, Алля Анаров, Зууракан Кайназарова, Кочкорбаев, Ташировго окшогон атактуу адамдар келиптир. Ушул адамдар папабызды ортого алып, башка делегацияларга сыймыктана барышып, “кыргыздан да баатыр чыкты” дегенин толкундана көп айтчу эле. 

Темир жол вокзалынан күткөн ата-эне

-- Кыргыздын кайсы бир чыгааны СССРдин жетекчилерине “Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановду Кыргызстанга көрсөтүп келели. Эл мөгдүрөп турат, калайык-калкка дем, күч болсун, көңүлдөрү көтөрүлсүн, жакшы маанай тартуулайлы. Бизге эки ай убакыт бергиле” дептир. Бул маселени чоңдор туура көрүп, колдоого алып, Москвадан поезд менен Фрунзени карай атайын чиркелген вагондо жөнөп калышат. Меркеден биздин маданият адамдары тосуп алып, Фрунзенин темир жол вокзалына чейин коштоп келишет. Кыргызстандын чек арасына киргенде папабызга өкмөт өкүлдөрүнөн бирөө келип, “сиздин ата-энеңиз вокзалда күтүп турат” дептир. Ошол жерден папабыз өз алдынча санааркай баштайт. “Атаны кокуй ай, кандай болуп келет экен?” деп өзү согушка кетип аткандагы жамаачы, эски кийимдерди кийип алганын элестетет. Келип түшкөндө “акем (атасын “аке” дечү) менен апамды жакшынакай кийинтип коюшуптур. “Өх” эле дей түштүм” деп көп айтчу. Чоң энебиз бетинен өөп, сылык-сыпаа учурашса, акеси баса калыптыр. Андан ары Ат-Башыга келишет. Атайын Борбордук Комитеттин катчысы Курмангали Каракеевди куратор, жоопкер катары папабызды Кыргызстандын Ысык-Көл, Нарын жана Чүй өрөөнүнө коштоп жүргөнү шайланып жөнөп калышат. Ошол кезде элдин турмушу абдан эле оор кырдаалга капташып, бу жерде Нарын кылаасы мал киндиктүү болгонго байланыштуу, салыштырмалуу түрдө ортомыян экен деп сүрөттөчү. 


Исхак Раззаковдун сунушу менен КР Жогорку Кеңешине депутат болгон

-- Согушка эки айдан кийин кайтты. Бирок, 1944-жылы Советтик Армия Европа мамлекеттерин бошотуп баштаган кез. Анүстүнө СССРдин куралдуу күчү фашисттердин мизин бир топ эле майтарып, алсыратып койгонго байланыштуу жана баатырларды аздектейли максатында Уляновский танк училищесине окууга жиберишет. Жергиликтүү аскерий кадрларды даярдоо багытында окуп, андан кийин Өзбекстандын Чирчик шаарында практикада болот. Кийин Жумгалдын аскер комиссариатында иштеп калат. Исхак Раззаковдун сунушу боюнча Ак-Моюн айылы, Кызыл-Дыйкан шайлоо округунан КР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланыптыр. Ошол эле Жумгалда жүргөн кезде мамабыз менен таанышат. Биздин чоң энебизге окшош, өңү ак жуумал, Эмгекчил айылынын кызы, Тынымсейиттин Алик уруусунан. Медучилищени бүтүп, Жумгалга бөлүнгөн экен. Аз өтпөй үйлөнүшүптүр... 

1. Ат-Башы эли менен жолугушусу. Февраль, 1944-жыл

2. Фрунзеге келүү мезгили. Февраль, 1944-жыл

3. Партиялык ишмер Мухаммед Дөгдүров, Жоомарт Бөкөнбаев жана Касымалы Жантөшев менен түшкөн сүрөт. Февраль, 1944-жыл

4. Кыргызстандын жазуучулар, акындар жана жаштары менен түшкөн сүрөт. Февраль, 1944-жыл

5. Айша Жаңыбаева (Жамаке Көкө уулунун кызы) энеси. Февраль, 1944-жыл


Сурат Жылкычиев 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер