Акыркы кабарлар
» Саясат » Алмамбет Шыкмаматовдун пиары өзүнүн башынан ашып кетти
Алмамбет Шыкмаматовдун пиары өзүнүн башынан ашып кетти
29-январь, 19:09

Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов такымын жеген саясатчы эмеспи. Коомчулукка “кайыш тилүүнүн” жеңилдетилген демилгелери менен чыгып, жакшы упай алууда. Эл арасында Алмакени мактагандар арбыды. Бир эсе Акылбек Жапаровдун аракеттерин көмүп жаткандай эле элес жаратууда. Буга чейин кокого чейин кыкынткандай образ түзүлүп калган эмеспи. А негизинен бийликтин салык саясаты убактылуу гана артка чегинүү, элди алаксытуу го? Азырынча Алмамбет Шыкмаматовдун пиары өзүнүн башынан ашып кетти. Иштин натыйжасын көрсөтө элек. Мындай шоу канчага чейин уланат болду экен? Соцтармакта блогерлерге утурумдук кыймыл аракетин мактатып эле жатып калды...
"Азия Ньюс" гезити