Медербек Алиев, ЖК депутаты: “Камчаткага чейин барып, мекендештерибизге жолугуп келдим”


-- Медербек Кубанычевич, Россияга барып, биздин эмгек мигранттары менен жолугуп келген экенсиз. Алар кандай көйгөйлөрдү айтышты?
-- Ооба, мекендештер менен жолугуп, жардам берели деген багытта алардын укуктук абалынан кабар алдык. Негизи эле мен өзүмдүн депутаттык ишмердүүлүгүмдү үч-төрт багытка бөлгөм. Мыйзам чыгаруудан, элдин көйгөйлөрүн көтөрүүдөн башка биздин чет жактарда жүргөн мекендештер менен тыгыз байланышта болуп, алардын маселелерин чечкенге дем-күч жаратып берсем дейм. Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск шаарларына, кыргыз чиновниктери өмүрү басып барбаган Камчаткага чейин барып, мекендештерибизге жолугуп келдим. Аларды тынчсыздандырган маселе, өзүңүздөр билгендей, азыр Россия Федерациясында жалпы эле чет элдик мигранттардын акыбалын оорлоткон мыйзамдар кабыл алынууда. Милдеттүү камсыздандыруу, каттоо маселеси боюнча биз дагы Мамдумадагы кесиптештерибизге кайрылып жатабыз. Биз бирдиктүү Евразиялык экономикалык уюмдабыз. Эки өлкөнүн ортосунда тарыхый дагы, маданий дагы тыгыз байланыштар бар. Улуу Ата мекендик согушта да фашизмге каршы чогуу турганбыз. Мисалы, ар бир кыргыздын үй-бүлөсүндөй эле менин чоң атам да фашисттик баскынчыларга каршы күрөшкөн, эки жолу ок жеп жаракат алган, Австрияга чейин барган. Чоң атамдын өзгөчө сыймыктанган күнү 9-май эле. Менин пикиримде, Росссия Кыргызстан үчүн өзгөчө маанидеги өнөктөш, дос мамлекет. ЕАЭБдин алкагында биздин жарандарга жеңилдетилген шарттар түзүлүп берилсе деген өтүнүчтөр менен кайрылдык.
-- Сиздин айтууңузга караганда, Новосибирскидеги эмгек мигранттарынын бул шаардагы биздин консулдуктун ишине анча-мынча нааразылыктары бар окшойт?
-- Новосибирскиде да кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугуп, кармалган, соттолгон биздин жарандар менен сүйлөштүк. Соттолгондорду Кыргызстанга которуу боюнча маселеде жардам берип келе жатабыз. Новосибирскиде биздин диаспоранын өкүлдөрү менен жолукканда алар нааразычылыктарын билдиришти. “Тилекке каршы, ал жердеги консул эл менен тыгыз катнашта болбой, офисте отурган инсандай элес жаратып атат. Эл аралап жүрбөйт, биздин мекендештер канча кыйынчылыктарга дуушар болсо да, аларга тийешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат” деген дооматтарын айтышты. Мен ойлойм, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө, өзгөчө биздин жарандар көп жашаган мамлекеттерде эл менен иштөөгө дыкат көңүл бөлүп, мекендештердин ысык-суугун көтөрө турган, дайыма мигранттардын арасында жүрүп, жүрөгү “эл” деп күйө турган инсандар иштеши керек. Европа сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө галстук тагынып, чыкыйып, жылуу кабинетте иш кагаз менен алектенсе жараша берет. Бирок Россияда, Казакстанда жана башка биздин мигранттарыбыз көп жашаган мамлекеттерде эл менен иштей турган, элдин колуна кол, бутуна бут боло турган, мекендештер дегенде ичкен ашын жерге коё чуркаган патриот инсандар иштеши керек.
"Азия Ньюс" гезити











