“Мени Женя байке бузду”


1974-жылы Марина Цветаеваны, Белла Ахмадулинаны кумир туткан жармач акын Майя Никаноркина өзүнүн конокторунун бири, эч кимге белгисиз актёр Георгий Торбинден кыз төрөйт да, наристеге Ника (Жеңиштин кудайы) деген жагымдуу ат коёт. Ал кызынын поэтикалык атак-даңктын туу чокусуна көтөрүлүшүн, Майя өзү эч качан жете албаган бийиктикке жетишин каалаган. Ника алсыз, оорулуу жана чыргоо болуп төрөлөт. Ымыркайга туулганда эле бир нече өнөкөт оорулар: диабет, аллергия жана астмасы бар деген диагноз коюлган.
Тилекке каршы, апасы Майя жана чоң энеси Людмила Ника төрөлгөндөн кийин деле жашоо образын өзгөртүшкөн эмес. Батир дайыма ичимдик жыттанып, түтүнгө толуп турган, кээде эркектер ал жерде түнөп калышчу.
Мындай көрүнүш Никанын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, кыз начар уктай баштайт. Аны уктатыш үчүн Майя кызына дифенгидрамин берчү, бул абалды ого бетер оорлоткон. Беш жашында Ника өнөкөт уйкусуздуктан жапа чегип, балага мүнөздүү эмес депрессиясы менен таңкалычтуу ырларды жаза баштайт. Майя кызынын ырларын кылдаттык менен дептерге жазып турчу. Никаноркина кызынын чачын Ахмадулинаныкындай кылып кырктырып, ага ыр окууну үйрөтө баштаган.
1981-жылы Ника жети жашка чыкканда, чоң энеси Людмила небересинин ырларын белгилүү жазуучу Юлиан Семеновго көрсөтөт. "Жаздын он жети көз ирмеми" чыгармасынын автору таңгалып, мындай таасирдүү саптарды кичинекей кыз жазганына көпкө чейин ишене алган эмес. Майя менен Людмила Семеновду ырлар Никаныкы экенине ынандырып, жазуучу ырларды Москвага алып барат да, "Комсомольская правда" гезитинин редакторлоруна карматат.
Эбегейсиз көп нускадагы гезит ырларды кабыл алып, көп өтпөй аларды феноменалдуу жаш акын Ника Торбинанын чыгармалары катары басып чыгарган. Ырлар чыныгы сенсация жаратып, Ника заматта бүткүл СССР боюнча атактуу болуп калат.
Никанын ырлары өзгөчө экенин Евгений Александрович Евтушенко баш болгон көптөгөн акындар да белгилешкен. 1982-жылы Евтушенко Торбинанын “Черновик” деп аталган биринчи поэтикалык жыйнагынын басылып чыгышына жардам берип, ага баш сөз жазган. Китеп басылып чыккандан кийин Евтушенко Никаны жана анын апасын Москвага чакырат. Борбор калаада кадырлуу акын Никаны ээрчитип алып, адабий дүйнө менен тааныштырат. "Женя байке" Никаны басмакананын өкүлү Марион Бойерс менен тааныштырган, ал жаш вундеркинддин ырларын англис тилине которуп, кийинчерээк Торбинанын жыйнагын Англияда басып чыгарган. 1985-жылы май айында Евтушенко Никаны жана анын чоң энеси Людмиланы Италияга, "Акындар жана жер" эл аралык поэзия фестивалына алып барат. Ника он бир күндө сегиз шаарга барып, "Женя байке" менен 25 поэзия концертин берген.
1987-жылдын күзүндө Евтушенко Никаны АКШга алып кеткен. Атасыз чоңойгон Ника "Женя байкеге" боор тартып, ал ар дайым жардам берерине, дайыма жанында болоруна ишенчү. Бирок, Ника чоңойгон сайын коомчулуктун ага болгон кызыгуусу басаңдаган. Анан калса Евтушенко баш болуп, көп кишилер ырлар чындыгында эле кичинекей кыз тарабынан жазылганына күмөн санай башташат. “Ника сахнада апасы Майянын ырларын окуп жүрөт” деген сөз тарайт.
Торбина апасы менен Москвага биротоло көчүп барып, Ника №710 орто мектепте окуй баштайт. Бирок поэзия вундеркинди сабактардан “аксап”, өзгөчө орус тили жана адабиятынан кыйналган. Торбина диктант, сочинениелерди толтура ката менен жазчу. Сабактарды калтырып, дайыма тартип бузуп жүрчү. Ал бир гана нерсеге: "Женя байке" жардам берtрине, "Женя байке" концерттерди уюштуруп, ырларын жарыялап, аны чет өлкөгө алып барарына ишенчү. Бирок, бул учурда Евтушенко жаш таланттан көңүлү калган эле.
Кыз болсо мурунку ийгилигин абдан эңсеп, окурмандардын суктануусун, чет өлкөгө саякаттоого чакырууларды жана басылмаларды күтүп жатты. Апасы менен чоң энеси кызынын карьерасын кантип жандандырууну билбей баштары маң.
1987-жылга чейин 13 жаштагы Ника ыр жазууну таптакыр токтотот. Достору менен сүйлөшкөндө ал Евтушенкого абдан капа болуп, "Женя байке мени бузду" деп даттанчу. Ырлары басылбай, поэзия концерттери токтоп калган Ника алкоголдук ичимдиктерди тата баштайт. Дарыгерлер 15 жаштагы Никага алкоголизм диагнозун коюшкан. Торбина көп учурда үйгө келбей, метродо түнөп калчу, ал эми досторунун арасында ар кандай шектүү адамдар пайда боло баштаган.
1990-жылы 16 жаштагы Никага күтүүсүздөн Швейцариядан кат келет. 76 жаштагы психиатр Джованни Мастропаоло Торбинанын поэзиясынын күйөрманы экенин айтып, аны Швейцарияга чакырган. Өзү тааныбаган киши менен жолугушканы башка өлкөгө баруу, албетте, келесоолук болмок. Бирок, Ника барып, алты ай бою чоң атасындай курактагы швейцариялык психолог менен жашаган. Андан кийин моралдык жактан да, психикалык жактан да жабыркап, Россияга кайтып келген.
Бирок, Ника өз мекенинде жумуш таба алган жок. Андан тышкары, Торбинанын эстутуму начарлап, психикалык оорунун белгилери байкала баштайт. Мунун баары алкоголдук ичимдиктерди көп колдонуунун фонунда болгон. Журналисттерге берген бир маегинде жаш акын өзүнүн "колдоочусу" Евтушенкону “мага чыккынчылык кылды” деп айыптаган.
Акын да жөн калган жок. "Московский Комсомолец" гезитине берген маегинде мындай дейт: "Мен анын "Евтушенко мени сатып кетти" деп аталган маегин окудум. Мен ага биринчи китебин басып чыгарууга, англис тилине которууга жана Италияга саякаттоого жардам бердим. Менин чыккынчылыгым – жардам берүүнү улантпай койгонум. Кечиресиз, мен провинциялык адаммын, ыраазычылыкты билбеген адамдарды сыйлабайм. Мен башында жардам бердим, болду. Калганы анын өзүнө байланыштуу.
Мен өзүмдү такыр күнөөлүү сезбейм. Ата-энеси күнөөлүү: алар анын ар бир конецерти үчүн акча алып, менден дагы сурашчу. Уят да! Италияда ага канча беришкени эсимде да жок, эки же үч миң доллардай го дейм. Ал кезде бул абдан көп акча болчу”.
Маекти окугандан кийин Ника чочуп, акынга басма сөз аркылуу мындай деп жооп берген: "Мен муну балалык акылсыздыктан жана таарынычтан улам айткам. Мен ал кезде максималист болчумун. Азыр андай деп айтпас элем. Бул уят, акылсыз жана күлкү келерлик иш болуп калды".
Бирок, Евтушенко шакиртин кечирген эмес.
1997-жылы достору менен ичимдик ичкенден кийин талмасы кармап, 23 жаштагы акынды Кащенкого алып кетишкен. Торбина ооруканада дарыланган, бирок ал көнгөн жашоо образынан баш тартууга даяр эмес болчу. Үйүнө кайтып келгенден кийин Ника эски жашоосуна кайтып, кайра эле ичимдикке баш-оту менен кирип кетет.
2002-жылы Торбина жыйырма сегиз жашка толот, бирок анын мурунку атак-даңкы кайра кайтып келген жок. Ника жөнүндөгү макалалар эми адабий жана көркөм журналдарда эмес, таблоиддерде гана жарыяланып калды.
Акын терезенин текчесинде буттарын ылдый салаңдатып отурганды жакшы көрчү. 2002-жылы 11-майда дагы ошентип отурганда бешинчи кабаттагы батиринин терезесинен кулап кетип, көз жумат...
Ника каза болгондон көп жылдар өткөндөн кийин Евгений Евтушенко Андрей Малаховдун программасында аны эскерип, мындай деген: “Мен анын ата-энесин күнөөлөгүм келбейт, бирок биз Италияга барганыбызда ал жерде бизди абдан жакшы кабыл алышкан. Ника анда такыр иччү эмес, ал эми чоң энеси дайыма түнкүсүн казинодо кумар ойноп жүрчү. Албетте, бул анын өз иши дечи, бирок Никаны жакшылап көзөмөлдөп туруш керек болчу...”.
"Азия Ньюс" гезити











