Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арстанбек Сулайманбеков: "Биздин абрикосту Москвадан талап кетишти..."

Арстанбек Сулайманбеков: "Биздин абрикосту Москвадан талап кетишти..."

28-сентябрь, 01:05
1 466 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Арстанбек мырза “Нарсу” айыл чарба кооперативдин 2007-жылдан бери негиздөөчүсү жана башчысы. Эч нерсе өспөгөн 85 гектар жерди алып, азыркы учурда мөмө-жемиш бактарын тигип, гүлдөтүп аткан кези. 50 гектар жерден 250 тонна абрикос алып, Россияга жөнөткөнүн жана кара өрүктөн (слива) 30 тонна жергиликтүү базарда сатылганын айта отурду. Арстанбек мырзанын жер тилкеси Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылында жайгашкан. 

-- Арстанбек мырза, мындан эки жыл мурун багбанчылык чарбаңызга барганда, абрикостун көчөттөрүнөн жаңыдан түшүм алып баштадыңыз эле. Быйыл жылдагыга салыштырмалуу кандай болду жана түшүмүн эмне кылдыңыз?

-- Сиздер башбаккан жылы 50 гектардан 120 тонна абрикос алгам. Былтыр 160 тонна болду. А быйыл болсо ашык-кеми жок 250 тонна болуп, баары Россиянын Москва шаарына жөнөтүлдү. Биздин чарбанын абрикосу Москвага киргенде башка абрикосторго соода жүрбөй калганы айтылды. Качан гана биздикин элдер алып бүткөндөн кийин беркилер баш көтөрө баштаптыр. 

-- Эмнеге?

-- Анткени, биздин абрикостор “Кызыл бет” (красно-щекий Никитский) сорту менен өзгөчөлөнүп, даамы, андагы ширеси, канттуулугу, чыдамкайлуулугу ж.б. мыкты сапаттары менен башкалардан жогору турат. Ошондон улам болсо керек да. 

-- Кара өрүгүң да бар эмес беле?

-- Ал аз эле жерде. Быйыл 30 тонна алдым. Баарын жергиликтүү базарга жибердим. 

-- Жыйым-теримиң бүтүптүр, азыр эмне менен алексиң?

-- Кар жааганга чейин деле жумуштар көп. Ар бир мөмө бактын түбүндөгү отоо чөптөрдү тазаламай, күзүндө бере турган жер семирткичтерди даярдап, сынган, куурап калган бутактарды кесип атам.

-- Күзүндө отургуза турган көчөттөр барбы?

-- Көчөттү биз келерки жылдын март айына дайындап атабыз. Себеби, көлдүн батыш тарабы болгондуктан кургакчыл болот, кар жаабайт. Ошондуктан күздө отургузгандарга ишеним аябай аз. Андан көрө эч камсанабастан жазында эле отургузган оң. 

-- Чарбаңда канча жумушчу такай иштейт?

-- 15 жумушчу. Аларга кадимкидей 15 миң сомдон кем эмес айлык берилип турат. Албетте, жумуш көбөйүп баратса кошумча жумушчулар алынат. Быйылкы түшүмдү жыйноодо 300гө чейин барды. Кээде үй-бүлөсү менен келгендер бир күндө 7-8 миң сомдон тапкандары болду. 

-- Дары-дармектери, жер семирткичтер жагы кандай болду?

-- Аларды бул жактагы эле фирмалар менен сүйлөшүп, өз убагында алып келип берип атышты, үзгүлтүккө учураган жок. Ал жагын жакшы жолго коюп алдым. 

-- Мурунку жолу барганда “чоң суммада кредит алдым” дедиң эле, банкрот болбодуңбу?

-- Кудай сактасын, жер эмгегиңди жебейт эмеспи. Андан эбак эле кутулгам. Анткени ал жылы тамчылатма ыкма менен сугаруу деп, ошого көп сумма талап кылынган. Бирок, быйыл да алып, анча-мынча жабдыктарды курганга жумшадым. Андан да кутулуп койдум. Бизге окшогон фермерлер кредит менен эле жан сактайбыз, ишкерликти кеңейтип дегендей. Бу багбанчылык азарт экен. Кээде абрикос багын аралап жүрүп, кантип кеч киргенин байкабай калам. Тамак ичкенди унутуп коюп жүрө берем. Ар бир бак менен сүйлөшөм, ооруп калганын “эмнеге ооруп атасың?” дейм. “Сен былтыр түшүмдү аз бергенсиң, быйыл антпе” дейм. Айтор, ушундай көрүнүш мен үчүн адат болуп калды.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер