Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балдарым сүйүктүү адамымды кабыл алгысы келбей жатышат...

Балдарым сүйүктүү адамымды кабыл алгысы келбей жатышат...

14-октябрь, 20:50
48 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Ажырашкандан кийин беш жыл бою эки уулумду жалгыз тарбияладым. Үч жыл мурун өзүм сыяктуу башы бош, эки уулу бар адамга жолугуп, аны сүйүп калдым. Ал балдарыма өз атасындай мамиле кылып, колдон келишинче жардам берип келет. Бирок уулдарым аны кабыл алгылары келишпейт.

Жакында туулган күнүмдү белгилеп, баарыбызды бир дасторконго чогулткум келген. Бирок өзүмдүн уулдарым да, мен жактырган адамдын кичүү уулу да келүүдөн баш тартышты. Ошондо үч жыл бою баары өзүнөн-өзү жакшырып кетет деп үмүттөнүп келгенимди түшүндүм.

Курбумду эстедим. Ал да балдарынын каршылыгынан коркуп, бактысыз никесин сактап калган. Кийин уулдары чоңоюп, өз жашоолору менен кетишти. Бирок апасынын алар үчүн курмандыкка чалган жылдары үй-бүлөнү бактылуу кыла алган жок...

                                                               Диля

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер