Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ак кийимчен элестер бийлеп жатат...

Ак кийимчен элестер бийлеп жатат...

28-апрель, 12:39
666 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Австрия композитору Кристоф Виллибальд Глюктун «Орфей жана Эвридика» операсынан алынган «Эки элес» аттуу композициясы бар. «Орфей жана Эвридика» байыркы грек уламыштарынан алынган чыгарма. Орфей менен Эвридика улуу махабат менен баш кошушат. Бирок бактылуу жубайлардын жашоолору узакка созулбай, Эвридика каза болуп калат.

Эвридиканы уулуу жылан чагып, каза болот. Бул жоготуу түгөйү Орфей үчүн аябай оор болот. Орфейдин жандүнөсү боздогондой шамал озондойт. Күндүр-түндүр кара жаан токтобой булуттар ыйлайт. Орфей соолугандай жаратылыштагы жандуунун баары соолуйт. Чыгарманын акырында жараткандын буйругу менен Орфей «Өлгөндөр хандыгына» аттанат. Ал жерде Эвридикасын табат. Эми алар эч качан айрылгыс болуп, «Өлгөндөр хандыгында» калышат. Алар түбөлүктүү түгөйлөр символундай көрүнөт. К.Глюктун сыздаган музыкасы. Ак кийимчен эки элес бийлеп жатат. Керемет композиция... 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер