Акыркы кабарлар
» Саясат » Эл кыйналып атканда министр Бообек Ажикеев кайдыгерлигин көрсөттү
Эл кыйналып атканда министр Бообек Ажикеев кайдыгерлигин көрсөттү
27-апрель, 16:47

Өлкөбүздүн көпчүлүк аймактарында сел жүрүп, жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан мекендештерибиз арбып кетти. Мындай шартта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эмне кылып атканы белгисиз. Өзүн көрсөтө алган жок. Эгерде башкы жетекчи кайдыгер, ыкшоо болсо, орун басарларынан, коллективинен эмнени күтсөк болот? Президенттин администрациясы Бообек Ажикеевдин ишмердигине талдоо жүргүзүп, баа бериш керек да. Эл кыйналып атса, өзгөчө кырдаалдар министрлиги тийешелүү милдетин убагында аткарбай, нааразычылыктарды жаратууда.
"Азия Ньюс" гезити