Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне үчүн Рыскүл Акимжанованы сындашып, Асел Байбагышеваны макташты?

Эмне үчүн Рыскүл Акимжанованы сындашып, Асел Байбагышеваны макташты?

13-июнь, 22:11
4 937 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ишкер Рыскүл Акимжанова Эверестке “чыгып келгенден кийин” бир топ күн актанып, интернет булактарынан түшпөй жатты. Биринчи жумасы ийгиликсиз болуп, артка кайтканы, анан вертолёт мингени, кошумча шерпалар сыяктуу көптөгөн суроолор берилди го? Коомчулукта талкуу жаралды. Сын-пикирлер жаап, ишенбегендер арбыды. “70-80 миң долларды чачсаң, Эверестке ойноп барып келесиң” дегендер да чыгышты. Айтор, Рыскүл Акимжанованы беймаза кылышып, кыйла эле бушаймандыкка батырышты. Мындай учурда депутат күйөөсү көзүн тостойтуп алып, аялын жактап чыгууга батынбай, эмне кылып жүрдү экен? 

Ал эми Асел Байбагышеванын Эверестти багындырганы көпчүлүк тарабынан колдоого алынып, сый-урмат, жылуу сөздөр айтылды. Суктангандар, баалагандар арбын болушту. Президенттин администрациясынан өкүлдөр да барышып, аэропорттон мамлекеттик деңгээлде тосуп алышты. Айтор, коомчулуктун көрүнүктүү өкүлдөрү колдошту. Кыскасы, элүү төрт жаштагы Асел айымдын өзгөчө таасир калтырганын көрдүк. 

Кызыгы, эмнеге президенттин администрациясы Рыскүлгө артын салышты? Аларда маалымат кенен эмеспи, чындыкты билишти окшойт...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер