“Дин мамлекеттин туруктуулугуна коркунуч жарата баштады”
-- Өлкөбүздө светтик көз караштагылар менен динчилдикти ашкере жактагандардын араздашуусу күчөп бараткандай. Бул көрүнүш бара-бара мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратпайбы?
Орозбек Молдалиева, саясат талдоочу:
-- Мамлекеттүүлүккө коркунуч жарата албайт, бирок булардын араздашуусу конфликт туудурушу мүмкүн. Мамлекетибиздин негизги мыйзамы – Башмыйзам боюнча Кыргызстанда мамлекеттик башкарууга дин аралашпайт. Биздин өлкөдө диний негизде саясый партияларды түзүүгө, анын негизинде максаттарды көздөгөнгө тыюу салынат. Кыргызстанда эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү катары кабыл алынбайт. Баардык диний культтар (ырасымдар) мамлекеттен ажыратылган. Эң башкысы, алар мамлекеттин жана бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынган. Конституцияны талкуулоодо дайыма айрым диний жарандар “светтик” дегенди алып салыш керек” деп чыгышат, ошого жараша иш жүргүзө башташат. Акыркы Конституцияны талкуулоо башталганда ошондой болгон. "Светтик" дегенди алып салса деле болот, бирок калган беренелер деле светтикти калкалап турбайбы? Биздин элибизде кеңири жайылган ханафи мазхабы эң толеранттуу, саясатка аралашпайт, бийлик менен мамиле түзгөндү билет жана конфликттерге барбайт. Муну эл аралык деңгээлде да баркташат.
Биз Британиянын атактуу Кембридж университетинде болгонубузда алардын тармагына жаңы калыптанып жаткан диний колледждин ишмердүүлүгү менен да тааныштык. “Кайсы мазхаб боюнча окутуп жатасыздар?” десек, “ханафи мазхабы боюнча, себеби ал тарыхтын сыноолорунан татыктуу өткөн, экстремизмге аралашпаган жана ага каршы аракеттенген, башка диндер менен мамилесин ыйык Курандын негизинде аткарган” деп мүнөздөп беришти.
Сүйүн Курманова, эркин журналист:
-- Албетте, мамлекеттин бекемдигине өтө чоң коркунуч жарата баштады. Азыр диндин түрдүү агымдарын тутунгандар элге ар кандай шарттарды таңуулашканы элет жеринде, айрыкча маркумду узатуу учурунда байкалууда. Бир эле айылда бир нече мечит салынып, анда иштеген кызматкерлер маркумдун үй-бүлөсүнө ар башка шарттарды көрсөтүшөт. Мисалы, кай берлери “сөөктү коёрдо маркумду дароо мечитке алып жөнөп, куран окуп коюш керек” десе, бир даары маркумду үйүндө түнөтүп, алыстан келчү бала-бакырасын, тууган-туушканын күтүп, анан коюп жатышат. Алардын ортосунда “биздики туура” деген талаш бара-бара араздашууга өсүп жетиши толук ыктымал. Анын кесепетинен эл экиге эмес, бешке бөлүнүшү мүмкүн. Бизде азыр диний агымдар бир тараптуу эмес, ар кандай болуп жатпайбы, демек, көз караш, түшүнүктөр да ар башка. Анүстүнө биздин эл бир нерсеге бат таасирленип, берилип, түпкү маанисин түшүнбөй эле ээрчип кете берет экен.
Диний түшүнүктөрдүн ар башкалыгынан дүйнөдө чоң согуштар келип чыкканын тарых тастыктоодо. Мамлекет бул опурталдуу маселеге олуттуу көңүл буруп, алдын албаса, өтө коркунучтуу жагдай жаралышы ыктымал.
Алтынбек Исмаилов, акын:
-- Менимче, мунун арты жакшылыкка алып барбайт. Бул сөзсүз мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирет. Биз, кыргызстандыктар, жынысыбызга, улутубузга, жаш курагыбызга, жашаган аймагыбызга, сүйлөгөн тилибизге, тутунган динибизге, ишеним, кызыкчылыктарыбызга, социалдык абалыбызга, чин-даражабызга, мансап-мартабабызга, кесип, кызматыбызга, көз караштардын ар түрдүүлүгүнө карабай, баарыбыз бир туунун алдына биригишибиз керек. Эч качан биз диндердин агымына, урууга, ар кайсы өлкөлөрдүн таасирине бөлүнбөөгө тийишпиз. Баарыбыздын башыбызды бириктирген улуттук идеологияга муктажбыз.
Жолдошбек Орозов, серепчи:
-- Радикалдуу диний уюмдар кайсы гана өлкө болбосун чоң коркунуч жаратып келет. Себеби, аларды көлөмдүү финансылык каражат менен атайын камсыздап турган дүйнөлүк мафия бар. Ошондуктан Тажикстан, Казакстан радикалдуу диний агымдарга тыюу салышты. Өзбекстан, Түркмөнстан динди мамлекеттин ички-тышкы ишине, саясатына аралаштырбай, катуу кармашат. Ал эми биздин өлкөдө ээн-эркин жүрүшөт.
Өзбекстанда диний чөйрө бийликти тоготпой баштап, аягы Наманганда Ислам Каримовго сөз бербей кодулашкан, бийликтин “тынчтык жолу менен көйгөйлөрдү чечели” деген суранычына каршылык көрсөтүшкөн. Кол сала турган кырдаал жаралганда, Каримов Ташкентке учканга мажбур болгон. Маргалаңда, Андижанда көтөрүлүш баштап жиберишкен. Андижанда хакимиатты басып алышып, мамлекеттик кызматтагыларды барымтага алышкан. Бизде да ошондой болуп кетпеш үчүн бийлик башындагылар шариятка үгүттөгөн динчилдерге тыюу салып, чектөө киргизүүлөрү шарт. Башкача айтканда, катуу чара көрө турган мыйзамдарды кабыл алышы керек. Кыргызстанда шарият эмес, мыйзамдуулук өкүм сүрүшү абзел.
"Азия Ньюс" гезити