Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Стажынын аздыгы жакшы кадрларды кызматка койгонго жолтоо болбошу керек”

-- Марлен мырза, комитетте сиздер демилгелеген мыйзам долбоору талкууланган учурда кызуу талаш-тартыш жүрдү. “Араңарда бирөөңөрдүн министрлер кабинетинин төрагасы болоюн деген оюңар барбы? Чет өлкөлөрдө окуп, иштеп келгендердин баары эле мыкты эмес да...” дегендей пикирлер айтылып кетти. Мыйзам долбоорунун максаты эмнеде?
-- Албетте, ар кандай мамлетик кызматкер тепкич менен өсүшү керек. Биз ага эч каршылыгыбыз жок. Бирок, кайсы бир чет мамлекеттерде иштеп, кесипкөйлүк, жаратмандык жагынан жакшы натыйжаларга жеткен жаштарыбыз бар. Мисалы, “Манас” аэропортунун директорун ала турган болсок, канчалаган учактарды алып, “кара тизмеден” чыгарып, жакшы жумуштарды жасап жатат. Бирок, ошондой мыкты, жаш кадрларды жогорку кызматка дайындайлы десек, “10 жылдык стаж керек” деп өзүбүзгө өзүбүз чек коюп алганбыз. Стаж, албетте керек, бирок он жылдык стажы менен деле жөн эле отурган кишилер толтура да. Жаңы мыйзамда биз айрым учурларда ошондой таланттуу жаштарды кызматка койгонго мүмкүнчүлүк берип атабыз.
-- Талкуу учурунда “бизнесмендерди мамлекеттик кызматка жолотпош керек, алар өздөрүнүн кызыкчылыгын гана көздөйт” деген да пикирлер айтылды. Сиз буга кошуласызбы?
-- Кеп анын бизнесмен же башка экендигинде эмес, кесипкөйлүк сапатында. Эгерде Гарвард университетин бүтүрсө, билим берүү министрине орун басар, же Россияда жакшы жумуштарда иштеп келген болсо, мектепке директор кылып койсок эмнеге жарабасын?
"Азия Ньюс" гезити