Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Данияр Тербишалиев: “Бюджетте акча жок, элди ойлобой кресло талашкандары өкүнүчтүү”

Данияр Тербишалиев: “Бюджетте акча жок, элди ойлобой кресло талашкандары өкүнүчтүү”

16-октябрь, 12:55
554 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Элдик кошуундун төрагасы менен маек.

-- Данияр мырза, бул жолку революциядан кийин да элдин эң корккону талап-тоноочулук эле. Жакшы иш алып барган, коопсуздукту камсыздаган жаштар тууралуу пикириңди уксак? 

-- Элдик кошуун милиция кызматкерлери менен чогуу 2005-жылы, кийин 2010-жылы стабилдүүлүккө чоң салымдарын кошуп келе жатышат. Бирок, тилекке каршы, кээ бир милиция кызматкерлери жок болуп кеткен учурларда өзгөчө коопсуздук тартипти элдик кошуун жоопкерчиликти өз мойнуна алып, борбор калааны эле эмес мамлекеттин баардыгын көзөмөлгө алып, жакшы иштерин алып барып жатышат. Элдик кошуундун максаты – элдин, жарандардын коопсуздугун, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо. Элдик кошуундар саясатка аралашпайт. Саясаттан алыс, эч кандай саясый топторго, күчтөргө кошулбайт. Жалгыз эле коопсуздукту, тартипти сактоого укук талаасында иш алып барып жатат. 

-- Оор түндөрдө кандай коркунучтарды жолуктурдуңар? 

-- Коркунучтар болду. 2-3 миңге жакын мас балдар тартипти бузуп, талап-тоноочулукка барууга аракеттенип жүрүштү. Биз ошолорго бөгөт коюп, тоскоол болуп, өз ишибизди мыйзам чегинде алып барганга аракет кылдык. Аларды токтоттук да. Жалпы эле жарандарыбызга ыраазычылык билдиргим келет. Аң-сезимдер жогорку деңгээлге жетти деп айтсак болот.    

-- Бийликсиз эл жакшы иш жүргүздү...

-- Бийлиги жок эле жаштар өздөрү уюшуп, өздөрү тартипти сактаганга, мыйзам талаасында иш алып барганга даяр болуп калышты. Ошол эле Американы алсак, ал жерде митинг уюшулган сайын дүкөндөрдү талап-тоноп, машинелерди күйгүзүп жатышат. Ошолорго салыштырмалуу биздики тынч өттү. Бийлик алмашканы менен элдер, жарандар жарандык позициясын аткарып туруп берди. Ошону биз баалай жүрүшүбүз керек. 

-- Акыркы абал, саясый келишпөөчүлүктөр, люстрация кабыл алуу боюнча кандай пикирдесиң?

-- Пандемиянын дагы экинчи толкун деген коркунучу турат... Бөлүнүп-жарылбай, бириккендин ордуна жалпы элдин келечегине балта чаап жатышат. Тышкы карыздар коколоп калды. Бюджеттин таңкыстыгы да абдан чоң. Азыр ошонун баарын ким чечип, ким ойлонот? Кыш келатат. Бюджетте акча жок. Пенсия, айлыктарды ким төлөйт? Элди ойлобой эле кресло талашып отурушканы өкүнүчтүү.  


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер