Президент кайсы “экстерди” кабыл алды?


УКМК төрагасынан Камчыбек Ташиев кеткенден бери “чээнде жаткан” саясатчылар баш көтөрүшүп, Садыр Жапаров менен мамиле түзүүгө бел байлашкандай. “Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Маселен, жакынкы күндөрдө эле Акылбек Жапаров, Азимбек Бекназаров жана Мелис Мырзакматов президенттин кабыл алуусунда болгону кабарланды. Албетте, ар кимиси өз кызыкчылыктары үчүн жан үрөшөрү белгилүү. Акылбек Жапаров арканды алыс ыргытып, алдыдагы шайлоодо таяныч болоруна басым жасаса, Азимбек Бекназаров “кемпирабадчылардын” акталуусуна кызыкдар, ал эми Мелис Мырзакматов тарттырып жиберген жер, байлыктарын кайтарып алуу амалын көздөдүбү? “Чычканга кебек алдырбагандай” ажобуз деле кыраакы эмеспи, оңой менен алданып калбаса керек. Эми күн өткөн сайын аламан жарыш жакындап, Садыр Жапаровго иштеп берүү дымагында кайрылгандар арбый бермекчи. Аныгында, мамлекетибиздин алдыга карай кадам салышына саясый интеллигенциянын, билимдүү жаш катмардын да салымы керек. Ириде ар тармактагы профессионал ишмерлерге басым жасоо аракети көрүлөбү? Кеп мына ушунда.











