Акыркы кабарлар
» Коом » Пакистанга дааватка барып, коронавирус жуктурган кыргыз жараны тирүү
Пакистанга дааватка барып, коронавирус жуктурган кыргыз жараны тирүү
28-март, 13:38
645 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Пакистанда вирус жуктуруп алган 1963-жылы туулган Кыргызстандын жаранынын абалы туруктуу. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдаган.
Алардын айтымы боюнча, баардык тиешелүү дарыланууну алып жатат. Пакистанга ал менен чогуу барган 4 жаран (1960-ж.т., 1978-ж.т., 1960-ж.т. жана 1996-ж.т.) коронавирусун жуктурган эмес.
Белгилей кетсек, 22-мартта ТИМ Пакистанда коронавирусун жуктуруп алгандардын арасында кыргызстандыктар бар экенин маалымдаган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, вирусту жуктуруп алган адам кыргызстандык 4 жаран менен биргеликте Пакистанга дааватка кеткен.