Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Эки жаатка бөлүнүү, ачакей ойдо болуу кадыресе көрүнүш”

“Эки жаатка бөлүнүү, ачакей ойдо болуу кадыресе көрүнүш”

25-март, 19:30
269 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эл экиге бөлүнүп, ажырым кетип бараткан жокпу? Бийлик ушул жагына көңүл буруп, ынтымакка чакыра алабы?

Рита Карасартова, укук коргоочу:

-- Жеке пикиримде, эки жаатка бөлүнүү, ачакей ойдо болуу кадыресе көрүнүш. Баарыбыз окшош, бирдей болуу – бул утопия. Ар бир үй-бүлө ар кандай доордо, көз карашта, ар кыл баалуулуктарда калыптанат. Бир эле маселеде кайчылаш пикир жаралбай койбойт. Бирөөнө жагат, бирөөнө жакпайт. Кайсы бир адамдын, саясатчынын коомдогу ишмердүүлүгү натыйжалуу, кайсы бир саясатчыныкы теңирден тескери, бул туура эле көрүнүш. А бийлик “келгиле, баарыбыз туура жашайлы же Леопольд мышык айткандай, давайте жить дружно!” дегендин кажети жок. Бийлик – бул биздин күндө салык төлөп, бюджетке чогулган акчага бизге кайра кызмат кылып берген механизм. Эң негизгиси, бийлик өздөрү жазган мыйзамдар боюнча аткаруу бийлиги ырааттуу иштеп, сот чечимдерди так чыгарып, эмнеге ушундай чечимдер чыкканын түшүндүрүп берип, элдерге агартуу ишин жүргүзүп “мынакей, бизде ушундай мыйзамдар бар. Биз баш ийишибиз керек, мыйзам баарыбызга бирдей иштейт” деп, Кыргызстанда болуп аткан мыйзамдардын бирдиктүү аткарылуучу практикасын көргөзүп, бир да адамдын укугун чектебей, баардыгыныкы бирдей дегенди көрсөтүп бериши керек.  

Бейшенбек Абдразаков, коомдук ишмер:

-- Азыр Кудайга шүгүр. Эл эки бөлүнбөй эле ынтымакта болуп, мамлекетибиз 30 жылдык талап-тоноп, сатып, атып, качып кетүү жолунан чыгып, өсүп-өнүгүү багытына түштү. Айлык, пенсия, бюджет көбөйүп, соцобъектилер салынып, өндүрүштөр ачылып, “каралар”, коррупционерлер, шылуундар жоголуп, эл аралык аброюбуз көтөрүлүп, мамлекет катары өз жолубузга түштүк. Эл бөлүнбөй эле ынтымакта. Кээ бир гана жеке кызыкчылык үчүн от жагып, өз максатына жетиш үчүн 30 жылдагыдай карапайым элди курал катары колдоно коёюн деген эле шылуундар болушу мүмкүн. Карапайым эл өз оокатын өзү кылып, өз жашоосун жакшыртууда.Мындан аркы Кыргызстандын келечеги  кандай болот?” дей турган болсок, анда 100 жылдыгында 3 жол бар:

1. Экстремисттик, террористтик радикал Ооганстан болобуз.

2. 30 жылдык эгемен тарыхыбызда (30 жылда 32 өкмөт, 5 ажо, 3 төңкөрүш, 500-600 кишинин канын төгүп, Акүйдү өрттөп) Сомали мамлекети, б.а., жок болуп кеткен өлкө болобуз.

3. Бизде бир гана жол бар, ал – ата-баба жолу. Каада-салттуу, нарк-насилдүү, ооматтуу, дөөлөттүү Улуу Кыргыз Каганатындай өлкө болобуз. Акүйдө революция кылбай, аң-сезимде революция кылышыбыз керек. 

Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер:

-- Тилекке каршы, акыркы 10 жылдын ичинде бизде жүрөктү ооруткан ынсап кетип, ыйман жоголуп, патриоттук сезим азайгансып баратат. Руханий, маданий жакка эмес, материалдык жакка көңүлүбүз бурулуп баратканы байкалууда. Өткөн эле жылдын ичинде 50 миңге жакын биздин жарандар Америкага бет алганы ырасталды. Ал эми Европа же башка чет мамлекетке кеткендердин саны токтой элек. Мындай көрүнүш ажырымдын кетип атканына кедергисин тийгизбей койгон жок. Мындан сырткары, жоопко тартылгандар бар. Мамлекетке чагымчыл кылып, экиге бөлүп ийүүгө аракет кылгандар да жок эмес. Өлкөнүн жок болуп кетүүсүнө кызыкдар болгон ички жана сырткы күчтөр ар дайым болуп келген. Эгемендүү мамлекет болгондон кийин өзүбүздүн ички жана тышкы саясатты аныктагандай толук кандуу акыбыз бар. Албетте, бийликти сындаш оңой, бирок “мамлекеттин өнүгүшүнө эмнени кылып койдуң?” деген суроону ар бирибиз өзүбүзгө беришибиз керек. Ажырым кылууга кимдер барат? Коррупция боюнча камакка алынгандар, кызматына кыянаттык кылып, пара алган, “кустуризацияга” кабылган, мыйзамды бузгандар барат. Андыктан азыркы бийлик ушундай ажырымдар болбош үчүн көптөгөн иштерди алдыга жылдырып атат десем жаңылбайм. Ынтымакты бекемдөө жеке эле бийликтики эмес ар бирибиздин милдетибиз деп эсептейм.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер