Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийликти уят кылган Кара-Суунун акими Темирболот Абыкеев

Бийликти уят кылган Кара-Суунун акими Темирболот Абыкеев

27-апрель, 16:43
646 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин иниси Темирболот Абыкеев Кара-Суу районуна аким болгондон бери чуулгандар токтой элек. Кызматына камчы салдырбай, түз алып кеткендин ордуна кедеринен кетип, тажрыйбасыз жетекчи катары сын-пикирден башы чыга элек. “Манас” стадионун оңдоо үчүн элден мажбурлап акча чогултуп, орто жерден бийликти жаман көрсөттү. Көпчүлүк нааразы. Жогору жактан буйрук берилип, мындай алешем жорук токтотулган экен. Анан калса, ошол эле стадионду трактор менен айдатып, каздырып салганы да түшүнүксүз. Жергиликтүү эл арасында, соцтармакта Темирболот Абыкеевге карата маанай кескин түрдө начарлап кеткен. Ал агасынын аркасы менен гана кызматта кармалып отурганы, эч кандай чеке жылытчу иши жок экени айтылууда. Орун басарлары менен пикири эки ача чыкса, райондогу жетекчилерди башкара албаса, мындай алаңгазардын кимге кереги бар? Чолпонбек Абыкеев президентти уят кылып келатканы аз келгенсип, эми иниси кошулуп, экөөлөп артка тарткан кербездериби? Бийликтин акылмандары көп эле, эмнегедир бу саам үн катышпайт...  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер