Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эльдар Алишеров: “Баалар туруктуу эле кармалып турат”

Эльдар Алишеров: “Баалар туруктуу эле кармалып турат”

17-март, 19:30
1 558 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эльдар Туралиевич, өлкөбүз азык-түлүк товарлары менен канчалык камсыз болгон?

-- Азыр дүрбөлөң түшкөнгө негиз жок. Ун бар, май бар. Материалдык резервде деле жетиштүү. Кырдаал туруктуу эле. Россия тарабынан буудайды сыртка чыгарууга чектөө киргизилди. Ал боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Алар деле “беребиз” дегендей кылышууда. Биздин ун чыгаруучу компанияларыбыз “сентябрга чейин 300 миң тонна алсак” деп суранышты. Бирок, биз 450 миң тоннадай алып койгону атабыз.

-- Бул чечиле турган нерсеби?

-- Ооба. Андыктан, ажиотаж кылып, дүрбөлөң түшкөнгө негиз жок.

-- Бирок ундун, кумшекердин, өсүмдүк майынын кымбаттап жатканын кантебиз?

-- Өзүңөр билесиңер да, инфляция болуп жатат. Бирок, баалар 2020-жылдардагыдай өтө көтөрүлгөнүн байкаган жокпуз. Эгер байкалса, биз бааны жөндөөнү киргизсек болот. “Глобус”, “Фрунзе”, “Народный” сыяктуу ири соода борборлоруна кирип көрсөңөр, баалар туруктуу эле кармалып турат. Кимдир бирөөлөр көп сатып алып, базарга чыгарбасын үчүн “бир кишиге бир литрден май, бир килодон ун” деп чектөө киргизилген. Сиз деле бир литр майды бир күндө ичип салбайсыз да...

-- Жакынкы күндөрдө ЕАЭБдин жыйыны өтөт турбайбы, ушул маселелер да каралабы?

-- Каралат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер