Акан Иманов, серепчи: “Кымбатчылыкты жоюу боюнча өкмөттүн аракетин көргөн жокпуз”
-- Чет өлкөлөрдө түрдүү жумуштарда иштеп жүргөн мигранттарга өлкөбүздө жумуш орундарын түзүп, алып келе турган өкмөттүн иш-аракетин байкай алдыңызбы?
-- Мигранттар боюнча өкмөттүн иш-аракети бар экени белгисиз. Мисалы, “Кыргызстанга кайтып келгиле!” деген билдирүүлөрүн деле көрө элекпиз. Элет жергесин ала турган болсок, атайын багыт берчү мүмкүнчүлүк деле жок. Бош турган, жайыт эмес, же айдоо эмес жерлер бар, бирок асылдуулугу төмөн. Ошолорду деле бөлүп берип, “тамчылатып сугаруу жолу менен алма тик, гилас өстүр” десе, тапкан каражаттарын салышмак да. Же туризм багытына да мүмкүнчүлүк бериш керек, шарттарды жөнөкөйлөтүп. Учурда иш орундары түзүлүп атат, бирок ал ички миграциядан деле артпайт. Жер-жерлердин өзгөчөлүгүнө жараша кайра иштетүү тармагын алдыга жылдырышса болмок. Негизи Россиядагы жердештерибиз деле мурдагыдай кыйратып акча таппай калышты. Рублдин курсу түшкөнү “өлкөгө келсек” деген жарандарыбыз арбын. Өкмөттүн мигранттарга карата иш планы – жок дегенде багыт берүү жана шарт түзүү болсун да. Интернет аркылуу соода кылууну жайылтып окутушса, иш ачам дегендерге бюрократияны азайтышса не? Азыр өкмөт баарын акчага байлап койду. Уруксат кагаздары ай эмес жылдык убакытты алат керек болсо.
-- Күркүрөгөн күз келсе дагы азык-түлүктөр, жер-жемиштер кымбат болуп атканына кабатыр болгондор көп. Өкмөт каатчылыкка маани бербей жатабы?
-- Азык-түлүктөрдүн баасын биздин өкмөт эркин коё берип, “бааны базар аныктайт” деп койгон. Мисалы, айылдан 25 сомго алынып аткан сүт эмнеге 65 сом турат? Бизде өндүрүлгөн “Султан чай” эмнеге 1 литри 50 сом? Көчөдөгү “Максым-Шоро” эмнеге 120 сом турат? Өзүбүздүн продукция ушундай баада болуп атса, башка жактан келген нарк асман чапчыйт да! Кымбатчылыкты өкмөт өзү алып келип атат. Үйүн саткан жаран банк аркылуу эмес, өз ара накталай акчага сатса, 20 миң сом төлөшү керек экен кызматы үчүн. Анан кайдан арзанчылык болмок эле? Арзан баага талаадагы эгинин же чөбүн саткан дыйкандар гана аргасыздан беришет. Ортомчулардын эле заманы болду азыр. Арзан алынган азык-түлүктү кымбат саткан соодагерлер көп. Керек болсо, кымындай тандыр нанды 30 сомдон сатышат. Жергиликтүү бийлик ошол наавайканага барып, салмагына карап текшерип, жөнгө салып койбойбу?! Кыскасы, кымбатчылыкты жоюу багытында өкмөттүн аракетин деле көргөн жокпуз.
"Азия Ньюс" гезити