Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстан шарт жоктугунан акысыз Pfizer вакцинасын ала албай жатат

Кыргызстан шарт жоктугунан акысыз Pfizer вакцинасын ала албай жатат

20-январь, 10:35
957 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстан сактоо шарттарынын оордугунан улам Pfizer вакцинасын ала албай жатат. Учурда Россиядан алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Министрдин айтымында, Pfizer препаратын сактоо шарттары Кыргызстанда түзүлгөн эмес.

“Глобалдуу альянс (сегиз вакцинанын ичинен) Pfizer вакцинасынан 1 млн. 200 миң дозаны акысыз берген. Америкалык бул вакцинаны элге алып келип жеткиргенге чейин -70 градуста кармап туруш керек экен. Болбосо жараксыз болуп калат. Аларды сактай турган атайын муздаткычтар керек болуп чыкты. Азыр бул маселе менен финансы министрлигине кайрылдык. Шаар, облус борборлоруна муздаткычты коюш үчүн 2 млн. доллар керек экен. Андай акча бюджетте жок деди Бейшеналиев.

Эфир учурунда угармандан россиялык "Спутник V" вакцинасы эл арасында ишеним жаратып жатканы тууралуу жана аны алып келүү боюнча суроо берилди.

Россия президенти Владимир Путинге КР президентинин милдетин аткаруучунун жана төраганын атынан 500 миң доза вакцина сурап кат жөнөттүк. Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен сүйлөшкөндө, макул болгон. Бул маселе жакын арада чечилет. Россиялык вакциналардын артыкчылыгы -2 градустан -20 градуска чейин сактала турганы бар экен. Аларды 2-3 айдын ичинде алып келип калабыз деди министр.

Ал ошондой эле Кыргызстанга учурда эч бир вакцина алып келине электигин белгиледи. Ал эми коңшу Казакстан 1-февралдан тарта коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасы менен элди эмдей тургандыгын айтты.

“Спутник кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер