Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акаевдин карьералык секириги илгери эле башталган...

Акаевдин карьералык секириги илгери эле башталган...

28-сентябрь, 21:31
396 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Азия Ньюс гезитинин башкы редактору Сартбаев Асланбек мырзага 

Ачык кат

Кымбаттуу Асланбек иним!

Кыргызда “ары жокко дары жок” деген түшүнүк бар эмеспи. Анын сыңарындай, айлакерлиги терең, көөдөнү керең, арамзалыгы кенен арсыз адамга чындыгында эле айла жок экен. 

Ооба, сөз арсыз Акаев тууралуу болуп жатат. Анын карьералык секириги илгери эле (1960-1966-жылдары) алыскы Ленинград, азыркы Санкт-Петербург шаарында башталган.

Батыштын АКШ, Израиль башында турган либерал-демократтарынын чирик идеологиясына сугарылган жаш студент өзүнүн окутуучусу Майоров мырза аркылуу ал кездеги Кыргыз ССРнин жетекчиси Усубалиев мырзага телефон чалдырып, өзүнүн алгачкы саясый карьерасын баштаган. Анын андан аркы афера, “эрдиктери” жалпы коомчулукка жакшы маалым: 

Борбор Азиянын экономикалык эң күчтүү мамлекети – Кыргыз Респуликасынын өнүккөн өнөр жайы, илимий-өндүрүштүк тармагы, алдыңкы айыл чарбасы эки жылдын ичинде АКШнын атайын сунуштаган программасы аркылуу банкрот деп жарыяланып, өкмөт мүчөлөрү жана алардын дос-туугандары өз ич ара эле арзан баа менен менчикке чыгарып алышып, калың кыргыз элин итке мингизип коюп качып кетишкен. Эми ошол “ишкерлер” ушул убакытка чейин айлакер Акайычтын “эмгегин” унутпай, колдорунан келишинче мактап-жактап келишет... 

Советтер союзун ичинен иритип талкалаган АКШнын бул саясый миссиясы азыр да өзүнүн күчүндө. Ал – азыркы убакта славян элдеринин ортосунда жүрүп жаткан кандуу согуш. “Кудай анын бетин ары кылсын” дейличи... 

Эми ошол качкын, көроокат үчүн көрпендечиликке алдырган арсыздын кесепетинен кылым карыткан Улуу кыргыз элибиздин эрктүү-тектүү уул-кыздарынын арасында да пикир келишпестик болуп кетиши мүмкүнбү? Жок, мүмкүн эмес! 

Анткени, Кудай сүйгөн куттуу кыргыз элибиздин кызыкчылыгы үчүн курман болгон ата-бабаларыбыз: Айкөл Манас атабыздын, Барсбек каган бабабыздын, Тагай бий атабыздын, Курманжан датка апабыздын, ага-инилерибиз: Жусуп Абдрахманов агабыздын, Исхак Раззаков агабыздын, Чыңгыз Айтматов агабыздын, Насирдин Исанов инибиздин, Темир Жумакадыров инибиздин ж.б. инсандарыбыздын арбактары андай жосунсуз жорукка эч качан жол бербейт деп ойлойм.


Улуу кыргыз элиме терең урматым менен,

Карыбай Турусбеков

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер