Талантбек Батыралиев: “Эмдөө же дарылоо ковидди жоготпойт, пандемиянын эпкинин гана азайтат”
-- Талантбек мырза, ковид-19 илдети кайрадан күч алгансып турат. Бул боюнча сиздин оюңузду уксак дедим эле?
-- Ковид баардык эле өлкөлөрдө азая элек. Бирок, сандын секириктери өйдө-төмөн туруксуз статистиканын жана тестирлөө системасынын чаржайыт, аз санда жана келген оорулардын санына жараша өткөзүлгөндүгүн белгилейт. Бир нерсени так билишибиз керек, мындан ары ковид биз менен жашайт, дайыма мутацияга учурап, жаңы талаптарды коёт. Штабдын чечимдерин, талаптарын так аткаруу – ар бир жарандын милдети. Ансыз ар бир өлкө жараны коркунучта.
-- Учурда биздин медицина канчалык деңгээлде иш алып барууда? Кандай мүчүлүштүктөрдү байкап атасыз?
-- Пандемияга болгон мамиле аябай эле солгун. Толук кандуу пандемияга каршы “согушка” ДДСУ да, өлкөлөрдүн штабдары да мамлекеттик курамдарды, жарандарды жетиштүү деңгээлде мобилизация кыла алышкан жок. Натыйжада державалар арасында глобалдык саясатка айланып, жадагалса “вакциналык национализм” деген түшүнүк пайда болуп, дүйнөлүк эмдөө базарында тартыштык орун алды. Анысы аз келгенсип, вакциналардын эң көбүн бай өлкөлөр алды. Ооруканалардагы инфраструктура көп тармактуу заманбап кызмат сунуш кылганга жетишсиз, өлгөндөрдүн дээрлик көпчүлүгү өнөкөт же ковиддин натыйжасында пайда болгон жүрөк оорулары. Ошондуктан, пандемияны он жылдардын проблемасы (!) деп, ар кандай кыйынчылыктарга карабай көп профилдүү ооруканалардын курулушу жана толук кандуу көнүмүш кызматты аксатпоого умтулуу зарыл.
-- Ковидге каршы эмдөөлөр канчалык деңгээлде жарандарга туруштук берүүдө?
-- Эмдөө же дарылоо ковидди жоготпойт, пандемиянын эпкинин гана азайтат, жөнгө салат. Алдыда бир гана максат турат – кыска жана белгилүү мөөнөттө калктын 70 пайызын эмдөө керек. Ал эми эмдөө мамлекеттик иш-чара болгондуктан, жогорку деңгээлде уюштурууну талап кылат. Азыр коңшу Казакстан “астразенекадан” баш тартты, алып келинсе калк баш тартса эмне кылабыз? Ушуну ойлонуу зарыл. Азыр бизде 1,5% калк эмдөөдөн өттү, бул өтө аз. Штаб керектүү жана тийешелүү иш-чараларды кылып жатат. Биздин күчүбүз биримдикте, пандемияга каршы штабдын жолдомолорун так аткарып, илдетти жайылтпоого шарт түзөлү. Айтайын дегеним, жогорку деңгээлде эмдөөнү уюштурган өлкөлөр режимди жеңилдетти...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити