Өспүрүм кыздын апасына жазган каты. Окусаңыз ыйлайсыз

“Апа, сиз мени таштап кетсеңиз деле мен сизди баары бир жакшы көрөм. Тээ баягы жылы мени балдар үйүнө алып келип, «кечинде келип алып кетем кызым, ыйлабай ойноп тур»деп бетимен өөп кеткениңизде эле кайтып келбешиңизди билгем. Бирок сизди капа болбосун деп ыйлаган эмесмин…
Апа, бүгүн менин туулган күнүм. 13 жашка чыктым. Бул жактан сабакты жакшы окуп, чоңдордой эле сөздөрдү ирети менен жазганды үйрөндүм. Туулган күнүм менен эжекелер куттуктап, таттууларын беришти. Таттууларды башка балдар менен бөлүшүп жедим. Тарбиячы Асел эже башыман сылап, «сен келечекте кыйын кыз болосуң» деп мактады. Мен «ырахмат» деп жооп бердим. Келечекте мен жазуучу болгум келет. Алгачкы жазган китебим сиз жөнүндө болот, апаке…
Апа, кетериңизде берген күмүш шакегиңиз менин манжама чоң болгон үчүн Асел эжеге каттырып койгом. Бүгүн аны алып тагынып көрсөм, манжама чак келип калыптыр. Эми аны колуман такыр түшүрбөйм”.
Апа, мейли мени алып кетпей эле коюңуз… Мен бул жакта калууга деле макулмун. Досторум, эжекелерим бар. Кээде биз тааныбаган жакшы кишилер келип кийим, оюнчук, таттууларды берип турушат.
Апа, өзүңүз келбесеңиз да, бир жуулбаган көйнөгүңүз менен, бир сүрөтүңүздү берип жибериңизчи.
Көйнөктүн жытын кетирбей сактап, күндө жыттап турайын. А сүрөтүңүздү сиздин келбетиңизди унутуп калбаш үчүн жазданып жатып, эстеп жүрөйүн… Бул катты окуйсуз деп ишенем, апаке… Мен сизди түбөлүк сүйөм…