Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ызы-чуу “Ынтымак” партиясынан чыгып атса, эмнеге чара көрүлбөйт?

Ызы-чуу “Ынтымак” партиясынан чыгып атса, эмнеге чара көрүлбөйт?

12-ноябрь, 17:55
1 115 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башкаларга караганда “Ынтымак” партиясы эл ичинде тескери кеп жаратып, ар кандай көрүнүштөрдөн шек алдырып келет. Мисалы, Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагалыгын тапшырбай туруп тизмеге кирип, БШК четтетсе, кайра соттошуп атып, акыры “жалаң төш” катары партия тизмесине илинди. Мыйзамга баш ийип, ызы-чууга себеп болуу керек беле? 

Ал эми Бишкек СЭЗдин жетекчиси Кудрет Тайчабаров бир тууган карындашы Адинай Марипова “Ынтымактан” талапкер болуп баратса, ага арнап ыр жазып, Фейсбуктан пиар кылып атат. “Майлуу кызматка” минип алып, үгүт ишине аралашкан Кудретке мыйзамдуу чара колдонулбаганы кандай? Бул жагынан да коомчулукта түшүнбөстүктөр арбын. 

“Ынтымактын” дагы бир талапкери Жаркынбек Касымбековго мыйзамсыз тендер өткөрүү боюнча кылмыш иши козголуп, артынан чуулганы басылбай күчөп баратса, мунусу да депутаттык мандат үчүн ашыгып алган. Кыскасы, ызы-чуунун баары эле “Ынтымак” партиясынан чыгып калыптыр, тийешелүү органдар эмнеге мыйзамдуу, калыс баа беришпейт? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер